Депутаттар кант кошулган суусундуктарга салык салуу демилгесин талкуулады

26-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148

26-майда Бишкек шаарында кант кошулган суусундуктарга салык салуу маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги диалог өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Баатырова жана Жылдыз Эгенбердиева катышты.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулуп, анда калктын саламаттыгын коргоо, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана кант кошулган суусундуктарды керектөөнү азайтуу маселелери талкууланды.

Диалогдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери жана эксперттер дүйнөлүк тажрыйбаларды талдап, саламаттыкты сактоо тармагындагы натыйжалуу саясаттарды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн депутат Жылдыз Эгенбердиева жарандардын ден соолугун чыңдоого багытталган демилгелер мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле ал сергек жашоо образын калыптандыруу жана калктын ден соолугуна кам көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисине токтолду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X