Депутаттар тоодогу коопсуздукту күчөтүүнү сунушташты
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкөдө издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча маалыматы угулду.
Маалымат берген өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу, ошондой эле куткаруу бөлүктөрүн атайын техника жана жабдуулар менен камсыздоо багытында аткарылып жаткан иштерге токтолду.
Мындан тышкары, министр «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында өспүрүмдүн өмүрү кыйылган окуя боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Чолпон Эсенаманова мындай кайгылуу окуялардын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.
Депутат Гуля Кожокулова коопсуздук маселелерине системалуу мамиле жасоо жана алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал калк арасында, айрыкча балдар жана өспүрүмдөр үчүн түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү, туристтер көп барган жана кооптуу деп эсептелген тоолуу аймактарда туруктуу куткаруу постторун уюштурууну сунуштады.
Ал эми депутат Медина Кайрылбекова туристтердин жайгашкан жерин аныктоого мүмкүндүк берген GPS-көзөмөлдөө системасын киргизүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле балдардын чоңдордун коштоосу жок тоо маршруттарына чыгуусуна чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.
Депутат Улан Бакасов жарандарга мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу өз убагында маалымат жеткирүү жана туристтик маршруттардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду.
Комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева болсо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана куткаруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча каржылоо маселесин көтөрдү.