"Эркин-Тоо"

Дин боюнча мыйзам долбоорун ЖК комитети биринчи окууда колдоду

Бүгүн, 9-декабрда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоду.

Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов баяндама жасаган, документ талкуусуз эле жактырылды.

Эске салсак, сунушталган документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!