ДКО-2026: Көкпар финалынын биринчи бөлүгүндө Кыргызстан 4:2 эсебинде алдыда

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын ортосунда көкпар боюнча финалдык беттеш өтүп жатат.

Биринчи бөлүктө Кыргызстандын командасы төрт салым киргизди. Дастан Русланов эки жолу, Манас Ниязов жана Өмүрбек Эсен уулу бирден салым салышты.

Казакстандын курамасынан Курманбек Туранбек жана Ынтымак Аликбаев бирден салым киргизди.

Биринчи бөлүктүн жыйынтыгында эсеп 4:2 — Кыргызстандын пайдасына.

Аренада күйөрмандардын кызуу колдоосу астында финалдык беттеш уланууда.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X