ДКО-2026: Кореш жана пахлавани күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

5-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150

Бүгүн, 5-сентябрда “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кореш жана пахлавани күрөшү боюнча мелдештер өттү.

Кореш күрөшүндө 100 кг салмак категориясында 32 өлкөдөн келген балбандар күч сынашты.

Жыйынтыгында:

1-орун — Радик Салахов (Орусия)
2-орун — Баяман Мыктыбеков (Кыргызстан)
3-орун — Мерсад Шахери (Иран)

Пахлавани (Иран күрөшү) боюнча 90 кг салмак категориясында 36 өлкөнүн спортчулары таймашты.

Жеңүүчүлөр:

1-орун — Жоозегани Мостафа Тагхани (Иран)
2-орун — Сейтек Догдурбек уулу (Кыргызстан)
3-орун — Бат-Орших Батсуури (Монголия)

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Биринчи орунга — 100 миң сом, экинчи орунга — 80 миң сом, үчүнчү орунга — 50 миң сом берилди.

5-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X