ДКО-2026: Кыргызстан көк бөрүдөн Казакстанды 12:0 эсебинде жеңди

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында Казакстанды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында өткөн финалдык беттеш курч жана кызыктуу өттү. Кыргыз улакчылары оюн бою артыкчылыгын сактап, атаандашына бир да улак салууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Улактарды Кыргызстандын курамасынан Нуржан Мелисбек уулу, Кыяз Ниязов, Байтегин Оморбеков, Айдаркан Анарбек уулу, Мирбек Муташев жана Эрназар Кошумбаев салышты.

Беттештин жүрүшүндө улактар төмөнкүдөй тартипте салынды:

  1. Нуржан Мелисбек уулу
  2. Кыяз Ниязов
  3. Нуржан Мелисбек уулу
  4. Байтегин Оморбеков
  5. Айдаркан Анарбек уулу
  6. Мирбек Муташев
  7. Нуржан Мелисбек уулу
  8. Кыяз Ниязов
  9. Байтегин Оморбеков
  10. Эрназар Кошумбаев
  11. Мирбек Муташев

Беттештин жыйынтыгында Кыргызстан 12:0 эсебинде жеңишке жетти. Кыргызстандын жеңиши аренага чогулган күйөрмандардын зор кубанычы менен коштолду.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X