ДКО-2026: Журналисттер үчүн бардык шарттар түзүлдү — Калмуратова

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган журналисттер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Кыргыз журналисттери да иш-чараны ыкчам чагылдырып, маалыматты коомчулукка өз убагында жеткирүүдө.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Зарина Калмуратова ДКОнун медиа штабында билдирди.
Анын айтымында, журналисттерге иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, кыргыз медиасы окуяларды ыкчам таратууда активдүү иш алып барууда.
«Кыргыз журналисттери окуяларды ыкчам чагылдырып, маалыматты тез арада таратып, өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп жатышат», — деди Калмуратова.
6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X