ДКО-2026га 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышты
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышты. Бул тууралуу Эл аралык катчылыктын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков билдирди.
Быйылкы оюндар Кыргызстандын демилгеси менен кайрадан өлкөдө өтүп, спорттун 42 түрү боюнча мелдештер уюштурулду.
Ачылыш аземиндеги өлкөлөрдүн парадына 106 мамлекет катышкан. Кийин келген делегацияларды кошкондо катышуучу өлкөлөрдүн саны 109га жеткен.
Быйыл ДКОнун географиясы да кеңейди. Оюндарга Афганистан, Кабо-Верде, Алжир, Барбадос, Бруней, Иордания, Либерия, Ливан, Мальта, Нигерия, Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Бутан жана Хорватия сыяктуу өлкөлөр биринчи жолу катышты.
Үсөнбековдун айтымында, айрым мамлекеттер быйыл курамын кыйла көбөйткөн. Маселен, Грузиядан 60тан ашуун спортчу келди.
Ал эми VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Россиянын Татарстан Республикасында өтөт. Бул боюнча Кыргызстандын Эл аралык катчылыгы менен Россиянын Спорт министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу иш-чарасы өткөрүлүүдө.