ДКОдо өлкөлөрдүн медалдары эсептелбейби? Расмий жооп
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өлкөлөрдүн расмий медалдык рейтинги жүргүзүлгөн жок. Бул Оюндун концепциясында каралган.
Тактап айтканда, мамлекеттердин жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг жана расмий командалык эсеп түзүлбөйт.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты — салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнөгө жайылтуу, элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөө.
«Оюндун концепциясы атаандаштыкта эмес, ынтымактуулукту арттырууда», — деп белгиленет маалыматта.
Ошондуктан VI ДКОнун жыйынтыгы боюнча өлкөлөр арасында жалпы медалдык рейтинг жарыяланбайт.