Добуш бербесең, бир күндүк айлыгыңдан кол жуушуң мүмкүн
2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоодо добуш бербеген жарандардын бир күндүк эмгек акысы төлөнбөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, БШК шайлоого катышкан жана катышпаган жарандар тууралуу маалыматка ээ болот. Иш берүүчүлөр кызматкерлеринин добуш берүүгө катышкан-катышпаганын тактоо үчүн комиссияга расмий суроо-талап жөнөтө алышат.
Шайназаров белгилегендей, жарандардын кимге добуш бергени тууралуу маалымат купуя бойдон калат.
«Шайлоо шаршемби күнү, башкача айтканда, жумуш күнүнө белгиленген. Мамлекеттик кызматтабы же жеке сектордобу, бардык кызматкерлер ал күнү иштебейт. Алар шайлоо участогуна барып, добуш бергенден кийин эс алышат. Добуш бергендердин айлыгы сакталат, ал эми добуш бербегендердин бир күндүк эмгек акысы кармалышы мүмкүн», — деди ал.
БШК төрагасы шайлоого катышуу маанилүү экенин белгилеп, добуш берүү жараяны бир нече мүнөттү гана аларын кошумчалады.