Дональд Трамп кайрадан кызматына киришип, бир топ билдирүү жасады
Дональд Трамп ант берип, АКШнын президенти кызматына расмий түрдө киришти. Инаугурация Вашингтондогу Капитолийдин ротондасына өттү. Трамп үчүн бул экинчи президенттик мөөнөт. «Американын алтын доору башталат, ушул күндөн баштап өнүгө баштайбыз жана бардык өлкөлөр бизге суктанат», — деди Трамп.
Ошондой эле Жеймс Дэвид Вэнс АКШнын вице-президенти кызматына киришти. Салтанаттуу аземге Билл Клинтон, Жордж Буш, Барак Обама, Жо Байден, Камала Харрис, андан тышкары чет өлкөлүк лидерлер: Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Аргентинанын президенти Хавьер Милей жана Кытай төрагасынын орун басары Хань Чжэн катышты.
Трамп ант берүү аземинде жаңы жарлыктарга кол коюп, Мексика менен чектешкен аймагында өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал Мексикадан мыйзамсыз кирген мигранттардын агымын токтотуу аракетин көрөт жана Панама каналын кайтарып алабыз деди.