"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ДОСААФТЫН ТАГДЫРЫ ЭЧ КИМДИ КЫЗЫКТЫРБАЙБЫ?

Өлкө жетекчилигинин амири менен үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта болочоктогу айдоочуларды мамлекеттик автомектептерде гана даярдоо боюнча атайын талап коюлган. Ага ылайык мындан ары өлкөдөгү жеке менчик авто-мектептерге келечектеги айдоочуларды даярдоого тыюу салынган.

Эсиңерде болсо, буга дейре коомдук уюм болуп саналган (жеке менчик эмес) ДОСААФтын автомектептеринде да көптөгөн жылдар бою айдоочулар окутулуп, күбөлүк алып келишкен. Өлкө жетекчилигинин жогорудагыдай тапшырмасынан соң мындай шартта аталган уюмдун мындан аркы иштөөсү кандай болот? Кылымдык тарыхы бар мекеме таптакыр жабылабы? Ири мүлктөрү мамлекетке өтөбү? Дал ушул маселелердин айланасында өткөн аптада өлкө аймагындагы ДОСААФтын кызматкерлери уюмдун айланасындагы соңку кырдаалдар боюнча кызуу талкуулар менен коштолгон съездге чогулушту. Мекеменин тагдырына кайдыгер карабаган, андагы көйгөйлөр менен жетишкендиктерди мезгил-мезгили менен чагылдырып келген калемгер катары мен да бул жыйынга катышып кайттым.

Съездге келишкен делегаттардын көпчүлүгү алдыда ДОСААФ мамлекет менен эриш-аркак иштөөгө даяр экендиктерин, алтургай келечекте бул жайга мамлекеттик-коомдук мекеме катарында чечим чыкса жакшы болмоктугун бир ооздон билдиришкен кайрылуусун Президенттик Администрацияга жөнөтүштү. Эгерде делегаттардын каалоосундагы чечим чыкса бул жагы өкмөткө да, жүздөгөн кызматкерлери бар мекеме үчүн да оңтойлуу болмоктугун көпчүлүк кызматкерлери жашырышкан жок. Аныгында аталган мекеме чарбалык эсеп менен буга дейре өз каражатын өздөрү таап, жүздөгөн кызматкерлердин айлык маянасынан тышкары мамлекетке олчойгон салык, тиешелүү төлөмдөрүн төгүп келишкенин көпчүлүк биле бербесе керек. Буга удаа мекеме чарбалык эсептен түшкөн өздүк каражатынын эсебинен заманбап жаңы автоунааларды алып, мекемеге таандык имараттарды куруп, керектүү окуу-куралдары менен тетиктерди, түрдүү шаймандарды алып келишкенин жыйын катышуучулары баса белгилешти. Делегаттардын кызуу талкуу, негиздүү сунуштарынан соң жыйынга катышкан мен да алдыда ДОСААФ мамлекеттин карамагына алынса, бутуна туруп келе жаткан мекеме өлкө казынасына анчалык деле оор түйшүк жаратпай, тескерисинче салык төлөмдөрү менен кыйла каражатты казынага төгүп бермектигине толук кандуу ынандым.

Мындай шартта Президенттик Администрация баштаган тиешелүү министрлик менен кызматтардын аракеттери кандай болмокчу? Маселенин жүрүшүнө алдыда көз салып, коомчулукту бул жагынан кабардар кылып турмакчыбыз.

Калыгул Бейшекеев