ДССУ: Сасык тумоонун жаңы түрү жайылат

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Түндүк жарым шарда сасык тумоо AH3N2 вирусунун жаңы варианты тездик менен жайылып жатат. Эпидемия жана пандемия коркунучтарын башкаруу департаментинин Глобалдык респиратордук коркунучтар бөлүмүнүн башчысы Вэньцин Чжандын айтымында, аталган вирус биринчи жолу август айында Австралияда жана Жаңы Зеландияда аныкталган жана андан бери 30дан ашык өлкөдө катталган. ДССУнун эсептөөсү боюнча, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча сезондук сасык тумоонун болжол менен бир миллиард учуру катталат. Анын ичинде беш миллионго чейин оор респиратордук оорулар болот. Жылына 650 000ге чейин өлүм сезондук сасык тумоодон келип чыккан дем алуу органдарынын татаалдашуулары менен байланыштуу катталат. Андыктан сасык тумоонун буга чейин белгилүү түрлөрүнө каршы вакциналар иштеп чыгарылган. Бирок, AH3N2 вирусунун жаңы түрүнө каршы вакцина азырынча жоктугу айтылууда.

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X