Дыйкандарга күздүк буудайдын түшүмдүү сорттору сунушталды

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 93

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти дыйкандарды күздүк буудай себүүгө чакырып, Кыргызстандын шарттарына ылайыктуу жогорку түшүмдүү сортторду сунуштады.

Адистердин маалыматына ылайык, жергиликтүү сорттордон Интенсивная, Зубков, Влада жана Адыр сунушталууда. Алардын айрымдары сугат жана кайрак жерлерге ылайыктуу болуп, суукка жана кургакчылыкка туруктуулугу менен айырмаланат.

Мисалы, Зубков сортунун түшүмдүүлүгү гектарына 94 центнерге чейин жетет. Адырдын түшүмдүүлүгү 66,7 ц/га, Владанын — 60 ц/га. Интенсивная сортунда дандын курамындагы белок 13–16% түзөт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда сыноодон өткөн чет өлкөлүк сорттор да дыйкандарга сунушталууда. Алардын арасында Франциянын Ликамеро, Германиянын Тризо, Орусиянын Есаул, Алексеич, Тимирязевка 150, Баграт, Гурт, Өзбекстандын АСР жана Давр сорттору бар.

Бул сорттор негизинен Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын сугат жерлерине сунушталууда.

Ал эми Казакстандын Стекловидная 24 сорту кайрак жерлер үчүн ылайыктуу. Анын орточо түшүмдүүлүгү 30–37 ц/га болуп, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында себүүгө сунушталат.

Департамент дыйкандарды күздүк себүү иштерин өз убагында жүргүзүп, аймактын климаттык жана жер шарттарына ылайыктуу сортторду тандоого чакырат.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X