Быйылкы жылы чарбаларга жана дыйкандарга үрөндөр “Айыл Банк” аркылуу жылдык 4,5% менен 2 жылдык мөөнөткө эсептелип насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу маалыматты КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.
Насыядан түшкөн каражат Айыл чарба министрлигине караштуу Үрөндү өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которулуп, үрөн алынып келет.