Эң берешен меценат
The Sunday Times гезити тарабынан түзүлгөн британиялык кайрымдуулардын рейтингинде USM холдингинин негиздөөчүсү Алишер Усманов биринчи орунду ээледи. Ал 2020-жылы Россияда, Өзбекстанда жана Италияда коронавирус менен күрөшкө 190,6 миллион доллар бөлүп берген. Ал эми акыры 20 жылда кайрымдуулук иштерге 6 млрд доллар короткон А.Усмановду аталган басылма эң берешен меценат деп атады.
2020-жылы А.Усманов британиялык байлардын тизмесинде 7-орунду ээлеген. Улуу Британияда акыркы жылда миллиардерлердин саны 171ге жетти жана алардын учурдагы жалпы байлыгы 848 млрд долларды түзөт.