"Эркин-Тоо"

Эдил Байсалов Индиянын Элчиси Арун Кумар Чаттержи менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттержини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, илим жана билим берүү тармактарындагы кыргыз-индия мамилелерин ар тараптуу активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Төраганын орун басары Кыргыз Республикасы Индиянын заманбап дүйнөдөгү ролун жана лидерлигин жогору баалай турганын белгиледи. Индиянын чоң жыйырмалыкка жана ШКУга төрагалык кылуу жылында бир катар эки тараптуу сапарлар пландаштырылууда, анын жүрүшүндө Бишкек кыргыз-индия мамилелеринин деңгээлин жана өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатууга умтулууда.

Өз кезегинде Арун Кумар Чаттержи өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!