Эдита Тайгараева, ЖКнын депутаты: Элдин ишенимин актоо – мен үчүн эң чоң жоопкерчилик
Мамлекеттик кызматта көп жылдык тажрыйбаны топтоп, бүгүн парламентте эл кызыкчылыгын коргоп келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева менен өлкөдөгү социалдык саясат, аймактарды өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана адамдык баалуулуктар тууралуу маектештик. Эл өкүлү өзүнүн саясатка келүү жолу, аткарылып жаткан иштери жана алдыдагы пландары жөнүндө кеңири айтып берди.
– Эдита айым, маегибизди өзүңүздү жакындан тааныштыруудан баштасак. Балалыгыңыз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз, үй-бүлөңүз жана алган билимиңиз тууралуу айтып берсеңиз?
– Балалыгым Сокулуктун “Асылбаш” айылында, эң сонун эсте калган күндөр менен өттү. Атам өмүр бою мугалим болуп эмгектенсе, апам медицина тармагында медайым болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Атам мугалим болгондуктан мектепте жакшы окуганга, тарбиялуу жүргөнгө аракет кылчубуз. Төрт бир туугандын эң кичүүсүмүн. Эркесимин деп койсом да болот. Ал эми жеке өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу айта турган болсом, эки баланын апасымын. Балдарыбызга татыктуу тарбия берип, ата-энебизден алган тарбияны аларга берип жатабыз. Кудайга шүгүр, окууларын жакшы окуп, ар кандай ийгиликтери менен бизди кубандырып турушат. Өзүм болсо эки жогорку билимге ээ болдум. Алгач география мугалими адистиги боюнча билим алсам, кийин юридикалык билим алдым.
– Сиз мамлекеттик кызматта дээрлик жыйырма жылга жакын эмгектенип, айыл өкмөтүндө да жооптуу кызматтарды аркалап келдиңиз. Ошол жол сизди саясатка алып келдиби же депутат болууну кийинчерээк чечтиңизби?
– Ооба, депутат болуу максатыма мамлекеттик кызматтагы дээрлик жыйырма жылдык эмгек жолум чоң таасир берди. Аткаруу бийлигинде иштеп жүрүп, элдин көйгөйлөрүн ичинен көрүп, алардын күнүмдүк муктаждыктарын жакшы түшүндүм. Көп маселелерди жеринде чечүүгө аракет кылганыбыз менен айрым көйгөйлөрдү мыйзамдык деңгээлде көтөрүү зарыл экенин байкадым. Мени өзгөчө 2020-жылдагы пандемия чоң ойго салды. Ошол оор мезгилде көптөгөн адамдар өз көйгөйү менен жалгыз калгандай сезилди. Элге жардам берүү үчүн аракет кылдык, бирок көп учурда үнүбүз жогорку деңгээлде жетпей, мүмкүнчүлүктөр чектелүү болуп жатты. Ошондой эле депутаттыкка талапкер болуу чечимиме Президентибиздин “шайлоо таза жана ачык өтөт” деген убадасы, аялдарга берилген квотасы, ишенимди күчөттү. Мындан тышкары, айыл тургундары да мени эл өкүлү катары көрүп, талапкерлигимди коюуга сунуштарын айтышты. Элдин ишеними жана колдоосу мен үчүн чоң жоопкерчилик болду.
– Шайлоо учурунда элге берген убадаларыңыздын ичинен бүгүн кайсы иштердин үстүндө активдүү иштеп жатасыз? Алардын канчасы ишке ашып жатат?
– Шайлоо алдындагы программамдын негизги багыттарынын бири – адилеттүү экономикалык саясат жүргүзүү, жарандардын кирешесин жогорулатуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо болчу. Бул багытта мыйзам чыгаруу демилгелери аркылуу активдүү иштеп жатам. Өзүм дагы авторлордун бири болгон “Бала ырысы” мыйзам долбоорунун негизинде төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки ар бир балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан ай сайын мамлекеттик жөлөкпул берүү каралып, бул демилге ишке ашырылды. Ошондой эле “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча дагы демилгенин авторлорунун биримин. Бул жеңилдик 2027-жылдан тартып күчүнө кирет.
Программамдагы дагы бир маанилүү багыт – эмгекчилерди, өзгөчө бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоо эле. Быйыл мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлык маяналары жогорулатылды, ал эми 1-сентябрдан тартып бардык мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы 50%га көбөйөт. Мындан тышкары, эмгек акыны инфляцияга жараша индексациялоо боюнча мыйзам кабыл алынып, Президенттин кароосуна жөнөтүлдү.
Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча да иштер жүрүп жатат. Учурда Сокулук районунда БСР жана БДР куруу боюнча документтер даярдалууда.
Саламаттык сактоо тармагында дагы жакшы жыйынтыктар бар. Өзүм Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар, балдар жана социалдык саясат боюнча комитетте иштеп, элдин жашоосуна пайдалуу мыйзамдарды кабыл алууга салым кошуп келем. Президент Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен Сокулук районунда 300 орундуу заманбап оорукана курулуп жатат. Ал бардык заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде МРТ менен камсыздалат. Ошондой эле Президенттин фондунун колдоосу менен айылдарда кичи футбол аянтчалары курулуп, жаштар үчүн спорт менен машыгууга шарт түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө тез жардам унаалары медициналык мекемелерге берилүүдө, айылдарда ФАПтар, мектептерге кошумча корпустар жана жаңы бала бакчалар курулуп жатат. Көп жылдан бери чечилбей келген Ала-Тоо жаңы конушундагы канализация маселеси боюнча курулуш иштери башталды. Алдыда Ак-Ордо, Новопавловка, Ак-Жол жана Комсомол айылдарын канализация системасына кошуу боюнча да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
– Эл өкүлү болуунун эң оор тарабы эмнеде экен?
– Албетте, жоопкерчилик бир топ өзгөрдү. Мурда көбүнчө жеринде жүрүп, көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылсак, азыр ошол маселелерди мыйзам аркылуу чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан, ар бир чечимге кылдат мамиле кыласың. Эң оор жери — элдин ишенимин актоо. Ар ким өзүнүн көйгөйү тезирээк чечилсе дейт. Баарын бир күндө бүтүрүү мүмкүн эмес, бирок адамдарды угуп, колдон келген жардамды көрсөтүп, маселени алдыга жылдырууга аракет кылып келем.
– Парламентте аялдардын квотасы аркылуу келген депутат катары аялдардын укугу, мүмкүнчүлүгү боюнча дагы маселелерди көтөрүү негизги ишиңиз болуп калды. Азыр кыргыз аялдарынын эң негизги көйгөйү эмнеде деп ойлойсуз?
– Азыркы учурда аялдар көп нерсеге жетишип, коомдун бардык тармагында өз ордун таап жатышат. Бирок, дагы деле чечиле турган маселелер бар. Аялдарга колдоо көрсөтүп, билим алуусуна, иштөөсүнө жана өзүн өнүктүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү. Ошондой эле аялдарга карата зомбулукту жоюу – баарыбыздын милдетибиз. Ар бир аял өзүн коопсуз сезип, укугу корголгон коомдо жашашы керек. Анткени, аялдын мүмкүнчүлүгү көбөйсө, үй-бүлө да, коом да өнүгөт деп ойлойм.
– Парламентте Чүй облусундагы Күнтуу, Кожомкул айыл аймактарын газдаштыруу, жол маселеси, жаңы конуштардын инфраструктурасы тууралуу да маселе көтөрдүңүз. Шайлоочуларыңыздын дагы кайсы көйгөйлөрү бүгүн эң актуалдуу болуп жатат?
– Шайлоочуларымдын бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелери — таза суу, инфраструктура жана сугат суу көйгөйлөрү. Кожомкул айыл аймагында таза суу системасын жаңылоо, Күнтуу айыл аймагындагы Кызыл-Туу, Исмаил жана Токбай айылдарында да таза суу системасын реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлүү алдында турат. Эң актуалдуу маселелердин бири дагы жол инфраструктурасы деп билем, бүгүнкү күндө бул маселелер дагы байма-бай чечилип келе жатат. Күнтуу айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын Свечников көчөсүнүн 2.70 км аралык жолу оңдолуп, Сокулук районундагы Манас–Камышановка унаа жолунун 10 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү. Сокулук районунда дагы социалдык маанилүү объектилер боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алардын бири — Сокулук район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көп жылдан бери токтоп турган лабораториялык имаратын бүткөрүү маселеси.
Сокулуктагы Төмөнкү-Чүй көзөмөл-өткөрүү постунун ачылышы күтүлүүдө. Бул посттун жайгашкан жер и ыңгайлуу болуп, аймактагы каттамдарды жеңилдетүүгө шарт түзөт. Ошондой эле Чалдыбар өткөрүү пункту аркылуу экспорттук-импорттук багыттардын өсүшү күтүлүп жаткандыктан, заманбап лабораториянын ишке кириши коопсуздук жана көзөмөл иштерин жакшыртууга жардам берет деп чоң үмүттөмүн.
– Айыл өкмөтүндө иштеп жүргөндө: «Ушундай мыйзам болсо жакшы болмок» деп ойлогон учурларыңыз болгонбу? Азыр ошол мыйзамдарды өзүңүз демилгелеп чыгууга мүмкүнчүлүк болуп жатабы?
– Албетте, айыл өкмөтүндө иштеп жүргөндө элдин көйгөйлөрүн жакындан көрүп, “ушундай мыйзам болсо жакшы болмок” деп ойлочумун. Мисалы, айыл өкмөтүндө иштегендердин айлыгы аз болчу. Азыр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүү, индексациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алууга мүмкүнчүлүк көбүрөөк болсо деп тилечүмүн. Бүгүн бул багытта да өзгөрүүлөр болуп, “Баатыр эне” наамы бар энелердин балдарына жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп мыйзам чыгарылууда.
Азыр депутат катары элдин жашоосун жакшырта турган мыйзамдардын үстүндө иштеп жатам. Анын ичинде аймактарга бара жаткан жолдордо санитардык шарттарды жакшыртуу, ар бир адамдын бак отургузуусун колдоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүп, женилдетилген кредиттерди, лизингге техникаларды берүү, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу миграцияны азайтуу сыяктуу демилгелер боюнча иш алып баруудамын.
– Мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбаңыздан улам бүгүнкү жаш мамлекеттик кызматкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Менин жаш мамлекеттик кызматкерлерге бере турган кеңешим — эл менен тыгыз иштөө жана өз ишиңди сүйүү. Мамлекеттик кызмат — бул элге кызмат кылуу. 20 жылдан ашык өмүрүмдү мамлекеттик кызматка арнадым. Эл менен иштеп, алардын көйгөйлөрүн угуп, жардам берүүгө аракет кылдым. Бүгүн ошол эмгектин үзүрүн көрүп жатам деп ойлойм. Эгер адам өз ишин сүйүп, жоопкерчилик менен мамиле кылса, сөзсүз ийгиликке жетет.
– Кызматтан сырткары Эдита айым кандай адам? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
– Кызматтан сырткары мен үчүн эң чоң баалуулук — бул үй-бүлөм жана жакындарым. Бош убактымды мүмкүн болушунча алар менен өткөргөнгө аракет кылам. Жумушум абдан жоопкерчиликтүү болгонуна карабай, үй-бүлөмө убакыт бөлүү мен үчүн маанилүү. Жакындарымдын жанында болуп, алардын камкордугун сезген учурлар мага чоң күч жана дем берет. Ошондуктан, жумуштан тышкары өзүмдү бактылуу айым деп эсептейм.
Маектешкен Күнболот Момоконов