Эдуард Кубатов: «Бишкек Арена» Кыргызстанга туристтерди тартуучу ири жайга айланат
«Бишкек Арена» стадиону Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана экономикага кошумча киреше тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган аренада жылына 12–15 ири спорттук, маданий жана эл аралык иш-чара өткөрүүгө болот.
Мындай иш-чаралар чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүп, мейманкана, тамактануу, транспорт жана башка тейлөө тармактарына суроо-талапты жогорулатат.
Кубатов белгилегендей, ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү Кыргызстандын туристтик имиджин бекемдөөгө жана өлкөнүн экономикасына кошумча киреше алып келүүгө өбөлгө түзөт.
Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу күтүлүп жаткан көрүүчүлөрдүн саны жана анын өлкө экономикасына тийгизе турган таасири тууралуу кошумча түшүндүрмө берди.
Концертке 55 миңден ашуун көрүүчү келери күтүлүүдө. Бул көрсөткүчкө отуруп жана туруп көрүүчү зоналардын жалпы сыйымдуулугу кирет. Келүүчүлөрдүн 25–30 миңге жакыны чет өлкөлүк туристтер болушу мүмкүн.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, ар бир чет өлкөлүк турист Кыргызстанда орточо 900 доллар сарптайт деп болжолдонууда. Бул мейманкана, тамактануу, транспорт жана башка кызматтарга кеткен чыгымдарды эске алганда, өлкөнүн экономикасында болжол менен 22,5–27 млн долларлык экономикалык активдүүлүк жаратышы мүмкүн.