Эдуард Кубатов: Борбордук Азияны бирдиктүү туристтик аймак катары илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк бар

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177

Жапонияда өтүп жаткан Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Борбордук Азиянын туристтик потенциалын биргелешип таанытуу маселеси талкууланды.

Тегерек столго Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов катышып, туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал жаратылыш жана маданий мурастарды сактоо, туристтик инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Кубатовдун айтымында, көчмөн цивилизациясы, тарыхый-маданий мурас, тоо туризми жана жаратылыштын ар түрдүүлүгү Борбордук Азия үчүн бирдиктүү туристтик продукт түзүүгө негиз боло алат.

Тегерек столдо айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана эл аралык кызматташтык маселелери да талкууланды. Иш-чараны Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясы, Япониянын Улуттук туристтик уюму жана БУУнун Туризм боюнча дүйнөлүк уюму уюштурду.

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X