«Эй» дебесеӊ! Жогорку Кеӊеште эки депутат кайым айтышып, мушташып кете жаздашты 17-июнь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Жогорку Кеңеш 29 Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депуттар Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашевдер кайым айтышып, мушташып кете жаздашты. Эскерте кетсек, комитет жыйынында депутат Акылбек Кемелов Министрлер кабинетинин торагасы Улукбек Мариповго сын айтып: «Акылбек Кемелов Мариповго: «10 жансакчыны жаӊыӊызга эмнеге алып жүрөсүз? Жөнөкөй болуп эл аралаӊыз! Сизди дайыма 10 жан сакчы коштоп жүрөт . Анча адамды эмне кыласыз? Жөнөкөй болуп эл аралап элдин көйгөйүн жакындан билип таанышпайсызбы? Самолетто катардагы эл менен эле учсаӊыз болбойбу? Аймактарга чыксаӊыз жан -жөөкөрлөруӊуз менен жүрөсүз. Илгери Султан Сулайман деле жөнөкөй кийинип алып эл кыдырчу экен. Сиз да ошондой кылыӊыз. Элге жалгыз чыга албасаӊыз биз менен барыӊыз», — деп кайрылды депутат Кемелов Мариповго. Марипов депутатка жооп бергенден кийин, Акылбек Кемелов сын-пикирин кайрадан айтууга үлгүргөн. Бирок ага комитеттин төрагасынын орун басары Нурбек Мурашев кайрылып, убакыт тартыш экендигин андыктан башка кесиптештерин да сыйлап аларга да сөз берүүсүн өтүнгөн. «Мен кесиптештеримди сыйлап эле жатам. Ошондуктан унчукпай 2 сааттан бери өз кезегимди күтүп отурам. Сиз өкмөткө адвокат болбосоӊуз», — деп жооп берди Кемелов. ««Эй!» болбойсузбу сөздү аяктаӊыз», — деп жооп кайтарды Мурашев. «Сен мага эй!дебесеӊ! Эй! Дебесеӊ!» деп ордунан козголуп Мурашевди көздөй баскан Кемеловду кесиптештери тынчандырууга үлгүрүшкөн. «Улукбек Асамидинович мындай эмоциялардын баардыгы сиз эртеден бери жыйынга келбей маселе курчуп кеткендигини кесепетинен чыкты», — деди депутат Кемелов жыйында отурган Мариповго кайрылып. Эскертке кетсек, парламент жыйынында депутаттар Министрлер кабинети менен биргеликте учурда өлкөдө орун алган суу таӊсыздыгын талкуулап жатышат. 17-июнь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Жогорку Кеңеш 29 Бөлүшүү: Шилтемени көчүрүү