"Эркин-Тоо"

Эки элдин тагдырынын жаңы барагын бирге жазалы

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 4-февралында Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул Кыргызстандын өлкө башчысынын 2025-жылдагы биринчи чет мамлекеттик иш сапары. Президент Садыр Жапаров жаңырган жылда Кытай кабыл алган Евразия өлкөлөрүнүн биринчи жетекчиси болгондугу Төрага Си Цзиньпин менен Президент Садыр Жапаровдун ортосундагы терең достукту толук чагылдырат. Ошондой эле кытай-кыргыз мамилелеринин жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин жана өзгөчөлүгүн дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси кызматына жаңыдан киришкендиктен, мындай маанилүү жана таасирдүү жогорку деңгээлдеги визиттин болуп жатышына күбө болуу, мен үчүн шыктандыруучу чоң сыймык.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достуктун тамыры терең. Улуу Жибек жолу биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы эки миң жылдык достуктун күбөсү. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөн 30 жылдан ашык убакыттан бери Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш ар дайым сергек жана туруктуу өнүгүү динамикасын сактап келет.

Айрыкча акыркы жылдарда Төрага Си Цзиньпин жана Президент Садыр Жапаровдун стратегиялык жетекчилиги астында Кытай–Кыргызстан мамилелери ар кыл тармактардагы кызматташтыктын тез өнүгүшү менен сапаттык секирик жасап, чоң жана кичи өлкөлөрдүн ортосундагы тең укуктуулук жана өз ара пайдага негизделген кызматташтыктын үлгүсү болуп калды.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги жаңы багыт

2021-жылы Садыр Жапаров мырза Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандан көп өтпөй, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин эки өлкөнүн лидерлери кытай-кыргыз ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетишкен.

2022-жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын жана ШКУнун Самарканддагы саммитинин алкагында Төрага Си Цзиньпин менен Президент Садыр Жапаров эки жолу жолугушкан. 2023-жылдын май айында Сиань шаарында Төрага Си Цзиньпин менен Президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу болгон. Тараптар жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жакшы коңшулук, достук жана бирге гүлдөп өсүп-өнүгүү ниетиндеги, тагдыры бир коомчулукту түзүүгө умтула тургандыгын ырасташты. 2024-жылдын июль айында биздин өлкөлөрдүн лидерлери Астанада кайрадан жолугушту.

Жакшы коңшулар, жакшы достор, ишенимдүү өнөктөштөр жана бир туугандык бүгүнкү күндөгү кытай-кыргыз мамилелеринин жаркын көрүнүшү болуп калды.

Өз ара колдоонун жаңы бийиктиктери

Кытай Кыргызстандын өз алдынча тандап алган жолдо өсүп-өнүгүүсүн, өзүнүн улуттук көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, коопсуздугун коргоосун колдойт. Кандайдыр бир шылтоо менен тышкы күчтөрдүн Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы турат.

Кыргызстан – бир Кытай принцибин бекем карманат жана Тайвань, Синьзцян жана Сянганга байланышкан маселелер боюнча Кытайдын принципиалдуу позициясын бекем колдойт. Тараптар түпкү кызыкчылыктарды камтыган маселелер боюнча бири-бирин чечкиндүү колдоп, бири-бирине жардам колун сунуп, эбактан бери эле чындыгында тагдырлаш болуп келген.

Практикалык кызматташтыктагы жаңы бурулуштар

Кыргызстан биринчилерден болуп “Бир алкак – бир жол” биргелешкен курулушун колдогон, ага катышкан өлкөлөрдөн болуп саналат. 10 жылдан ашык убакыттан бери эки тарап «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында Датка–Кемин электр өткөргүч линиясы, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан автомобиль жолу, Бишкек шаардык жол тармагын жана айылдык ирригациялык системаларды реконструкциялоо, Ош шаарында оорукана комплексин куруу сыяктуу Кыргызстандын элине реалдуу пайда алып келген бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода өткөн кылымдын 90-жылдарынын башындагы 53 млн доллардан, 2024-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 22,7 млрд долларга чейин өстү. Кытай көп жылдар катары менен Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү, ири импортеру жана инвестору бойдон калууда.

Ири долбоорлор боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгы тарыхый алдыга кетүүлөр менен коштолду. “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринен кийин кытай-кыргыз чек арасында үчүнчү “Бедел” өткөрүү пункту ачылды. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсы ачылды, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун ишке киргизүү аземи ийгиликтүү өттү.

Тараптар дээрлик 30 жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор ишке ашып, реалдуулукка айланып баратат. Бул жол курулуп бүтсө, аймактык байланышты кыйла бекемдеп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот.

“Бир алкак – бир жолду” биргелешип куруу боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгы ырааттуу түрдө тереңдеп жана кеңейүүдө.

Маданий-гуманитардык байланыштардын жаңы этабы

Кыргызстанда “кытай тилине кызыгуу” өсүүдө жана Кытайда окуу барган сайын популярдуу болууда. Кыргызстанда 4 Конфуций институту жана 21 Конфуций классы бар. Алар жылына 10 миңден ашуун кыргызстандык студенттерди кытай тилин жана кытай маданиятын үйрөнүүгө тартат.

Кыргызстандагы атактуу университеттердин көбүндө кыргыз-кытай институттары же факультеттери бар. Бишкекте Кытай маданий борбору ачылды. Бул Борбор Азиядагы биринчи борбор.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Лу Бан өнөрканасы” расмий ачылган.

Кыргызстанда 2 жыл катары менен ишке ашырылып келе жаткан “Ден соолук экспресси — жаркын саякат” долбоорунун алкагында кытайлык медициналык топ 800дөн ашык бейтапка катарактаны алып салуу боюнча бекер операция жасап, акысыз негизде офтальмологиялык текшерүү үчүн медициналык жабдууларды тапшырып, Ош облустар аралык бириккен ооруканасында азиздиктин алдын алуу боюнча медициналык борбор түздү.

Кытай менен Кыргызстан цивилизациялар ортосундагы алмашууну жана өз ара үйрөнүүнү чыңдоо максатында жана классикалык чыгармаларды өз ара которуу жана басып чыгаруу, маданий мурастарды коргоо жаатында да жигердүү кызматташууда. Эки өлкөнүн жергиликтүү деңгээлдеги кызматташтыгы кеңейип, бир тууган 28 аймактар, облустар жана шаарлар өз ара иштешип жатышат.

Кызматташтык жаштар, аялдар арасында жана массалык маалымат каражаттары сыяктуу тармактарда да өнүгүп жатат. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы көп кылымдык достук элдин жүрөгүнөн орун алып, кытай-кыргыз мамилелери элдин колдоосуна ээ болуп, пайдубалы барган сайын бекемделип баратат.

Көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы жемиштери

Кытай менен Кыргызстан БУУ, ШКУ жана Кытай-Борбор Азия форматынын алкагында тыгыз кызматташып келет. Кыргыз тарап КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган — Тагдыры бир жалпы адамзат коомчулугун куруу концепциясын, Глобалдык өнүгүү демилгесин, Глобалдык коопсуздук жана Глобалдык цивилизация демилгелерин активдүү колдойт.

Кытай тарап 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө кыргыз тараптын талапкерлигин, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык жана аймактык маселелерде барган сайын өсүп бараткан олуттуу ролун колдойт.

Эки өлкөнүн эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүүсү, эки өлкөнүн жалпы стратегиялык коопсуздугун жана өнүгүү кызыкчылыктарын бир гана эффективдүү коргобостон, биздин өлкөлөрдүн глобалдык башкарууну жакшыртууга жана чыныгы көп тараптуулук практикасын өркүндөтүүгө кошкон салымы болуп саналат.

Артка кылчайып карасак, кытай-кыргыз мамилелери өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү деп айта алабыз. Келечекке көз чаптырып, жаңы доордо кытай-кыргыз мамилелеринин келечеги кең экендигине ишенебиз.

 Мамлекет башчыларынын стратегиялык ишенимдүү жетекчилиги

Акылман жана алысты көрө билген лидерлер Төрага Си Цзиньпин менен Президент Садыр Жапаров тыгыз байланышта болуп, кытай-кыргыз мамилелеринин башында турууда.

Эки мамлекеттин башчылары тыгыз иштиктүү байланыштарды жана терең жеке достукту орнотту. Бул кытай-кыргыз мамилелеринин прогрессивдүү өнүгүүсүнүн эң күчтүү саясий кепили болуп саналат.

Ишеним жемиштүү кызматташтыкта энергиянын бүтпөс булагын табат. Биздин өлкөлөр өз ара пайдалуу жана утушка ээ болуу принциптеринде тыгыз кызматташтыкты ишке ашырууда. Соода-экономикалык кызматташтык эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп келет.

Айыл чарба тармагындагы кызматташтык Кыргызстандын ата мекендик айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рынокко чыгышына шарт түзөт. Энергетика тармагындагы кызматташуу Кыргызстандын көптөгөн тургундарын жарыктандырууга жардам берип жатат.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймактык жана эл аралык кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган стратегиялык коридор ачат.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуунун жаңы формалары жана кыймылдаткычтары тынымсыз пайда болууда. Алар Кытай-Кыргызстан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү максатына кызмат кылып, эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизин кеңейтип жана бекемдей бермекчи.

Эки өлкөнүн элдеринин ишенимдүү колдоосу

Саясий элита болобу же карапайым эл болобу, карыбы-жашпы, Кытайдагы кыргыз студенттери же Кыргызстанда фольклор жыйноого баш-оту менен чөмүлгөн кытайлык сүрөтчүлөр болобу, баары Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достуктун катышуучулары жана колдоочулары.

Сууга суу кошулуп дарыя болсо, элдер элге кошулуп – күчкө айланып, элдердин достугу улуу болгондо, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнүн түгөнгүс энергиясы пайда болот.

Байыркы кытай макалында бир туугандардын ынтымактуулугу болоттон катуу деп айтылат. А кыргыз макалында: бакыттын ачкычы достукта делет. Биздин ата-бабаларыбыз эки миң жылдан ашык убакыт бою байыркы Жибек жолунда бири-биринен үйрөнүп, билгендерин алмашып келишкен.

Акыркы 33 жыл ичинде эл аралык кырдаалдын туруксуздугуна карабастан, биздин өлкөлөр ар дайым бири-бирине тең укуктуу мамиле жасап, бири-бирине жардам берип, бири-бирине колдоо көрсөтүп келди. Бул коңшу мамлекеттердин кызматташтыгынын үлгүсү болуп саналат.

Келечекте биз эки мамлекет башчыларынын стратегиялык жетекчилиги астында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимди бекемдеп, «Бир алкак – бир жолду» биргелешип сапаттуу курууга көмөктөшөбүз. Жаңы доордо Кытай-Кыргызстан баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жаңы барагын биргелешип жазуу үчүн ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтебиз.

Эки элдин биргелешкен аракети менен кытай-кыргыз мамилелери Тянь-Шань тоолорундай бекем сакталып, кытай-кыргыз достугу Тянь-Шань тоолорундагы Шренк карагайындай түбөлүктүү экенине ишенем.

Лю Цзянпин, Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!