Эки күндө 32 жол кырсыгы катталды
Өлкө аймагында эки күндө 32 жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирген. “Кар жаагандан тарта Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Транспорт министрлиги, Өзгөчө кырадаалдар министрлигинин кызматкерлери жол кырсыгынын алдын алуу максатында кум, туз өңдүү инерттүү каражаттарды сээп, жеринде иш алып барып жатышат. Жалпысынан айтканда жолдор өз убагында толугу менен тазаланып жатат”,-деп кошумчалаган ал.