Эки жаштагы бала 14-кабаттан кулап, чарчап калды

24-июнь, 2025-ж. / Редакция / Окуялар 203

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен 2 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Окуя 23-июнда Улан кичи районундагы үйлөрдүн биринде болгон. 2023-жылы туулган бөбөк 14-кабаттагы батирдин терезесинен кулап кеткен. Ал оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан көз жумган.

Азырынча өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.

Видео: ӨКМ

24-июнь, 2025-ж. / Редакция / Окуялар 203
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X