Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багытталат

17-январь, 2023-ж. / Редакция / Пресс 41

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин башчысы 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарууда 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 919 млрд сомдон ашуун болгондугун билдирди. «2 жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өстү. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 438,1 млрд сомду түздү. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны 503 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет. Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 млрд сом багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», — деди Акылбек Жапаров.

17-январь, 2023-ж. / Редакция / Пресс 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X