ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ ЭЛЕТТИН КӨЙГӨЙҮН КӨТӨРҮШТҮ

Өткөн жылдын этегинде кезексиз парламенттик шайлоо болуп, жаңы эл өкүлдөрү шайланып келген. Учурда өз милдеттерин аткарууда. Кимиси кандай иштеп жаткандыгы тууралуу азырынча баа берүү эртелик кылат. Бирок, дээрлик баары тынымсыз иштеп жаткандай аракеттерин көрсөтүшүүдө. Дегенибиз, партиялык тизме менен келгендер көбүн эсе айыл-кыштактарды кыдырчу эмес. Азыр депутаттардын баары аймактардан шайланып келгендигине байланыштуу эртеңкисин ойлоп, элдин үнүн жеткирүүгө, элеттин көйгөйүн чечүүгө жандалбас кылганы байкалууда.

Жогорку Кеңеш ушул жумадагы жыйынын “Ар кандай” маселелер саатында өлкө аймагындагы бир катар орчундуу социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Алардын айрымдарына назар салсак, төмөндөгүдөй көйгөйлөр айтылды.

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги үйлөрдүн аралыгындагы жолдорду оңдоо маселесине көңүл бурду. Андан соң ЖОЖдордогу мыйзамсыз аракеттер, катышпай калган сабактарга алынып жаткан акчалар боюнча айтып, буга көзөмөлдү күчөтүү керектигине токтолду. Мындан сырткары, айдоочулукка окутуу мөөнөтү өтө көп экенин белгилеп, 10-12 айды азайтуу керектигин өтүндү. Буга катар таксилерди лицензиялоо тартибин кайра карап чыгууну жана маалым каттарды берүүдөгү ашыкча талаптарды жокко чыгарууну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында мындай маселелер өлкөдө жумушсуздуктун өсүшүнө түздөн-түз таасир этет.

Депутат Нуржамал Төрөбекова каникулда эл менен жолукканын белгилеп, Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Социализм айылындагы Өжөр участкасына 2013-жылдан бери айыл макамы берилбей жатканын айтты. “Бүгүн ал жерде 500 кожолук жашап жатат. Ал жерде негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Анда айыл статусу жок. Мындан улам мектеп, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилердин курулушу башталбай, окуучулар Баш-Булак айыл өкмөтүнө барып окуганга аргасыз болууда. Мектеп 480 орунга ылайыкташканы менен 1904 окуучу окуп жатат. Балдар мектепке батпай, маданият үйүндө окууга аргасыз болууда. Элге кыйынчылык келтирбей, аталган маселени тез арада чечип бериш керек” деди.

Депутат Курманкул Зулушев АТР көйгөйү тынымсыз айтылып жатканына токтолуп, бир катар айыл өкмөттөрүндө кадр маселеси жаралганын белгиледи. Бүгүн жайыттар деградацияга учураганын айтып, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорундагы ирригациялык көйгөйлөргө токтолду. Кара-Кулжа–Алайкуу жолу боюнча кандай аракеттер жүрүп жаткандыгына да кызыкты. Өзгөн жана Кара-Кулжадагы үч дарыяны жер өздөштүрүүгө пайдаланып, канал салуу керектигин да кошумчалады.

Депутат Гүлай Машрапова Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Кашка-Кыштак айылында жайгашкан дүлөй-дудук балдардын жатак мектеби тууралуу кеп кылып, анда окуган балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү керектигин билдирди. Ар бир баланын тамак-ашы үчүн күнүнө 28 сомдон бөлүнөт экен. Андан сырткары экологиялык талаптар боюнча Манас айыл аймагынын Беш-Мойнок айылындагы асфальт-шагыл заводун текшерүүнү сунуштады.

Депутат Дастан Жумабеков Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүндөгү дыйкандардын кайрылуусун кабарлап: “2025-жылы 28-июлда Таласта мөндүр жана сел жүрүп, Шекер, Көк-Сай, Кайнар, Арчалуу айылдарында 800 гектарга жакын төө буурчак жана буудай талааларын жууп кеткен. Анын 550 гектары мамлекеттик фонддон ижарага алынган жерлер. Жарандык коргонуу боюнча комиссия чыгымды 55 млн деп эсептеп, акты түзүп кеткен. Бирок, азыркыга чейин дыйкандарга эч кандай жардам берилбей келет” деди. Эл өкүлү ошондой эле төө буурчакты Индия мамлекетине экспорттоого көмөктөшүүнү да суранды.

Депутат Айгүл Ахмедова Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн мигранттардын укуктук абалын жана социалдык камсыздоосун жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду. Амина тиркемеси боюнча айтып, реестрге түшүп калгандар “Сахарово” борборунда кыйынчылыкка тушугуп жатканын билдирди. Россиядагы мигранттардын иштөө процесстерин жеңилдетип, реестр маселесин көзөмөлгө алып, негизсиз депортациядан коргоо керектигин өтүндү.

Депутат Абдылдабек Эгембердиев Сокулук районунун Комсомол айылында 1986-жылы курулган 150 орундуу бала бакчанын имаратына капиталдык оңдоону бүткөрүү үчүн каржылоо маселесин чечип берүүнү өтүндү. Мындан тышкары, эл өкүлү аталган райондун Манас айыл аймагына караштуу Лесное айылында мектеп куруу маселесин ортого салды. Жаңы-Жер айылында дагы 850 орундуу мектепте 2500 окуучу окуп жатканы боюнча коңгуроо кагып, кошумча корпус салып берүүнү өтүндү. Жол маселесине токтолуп өттү.

Депутат Салтанат Аманова Ош шаарынын мэриясына шаардык инфраструктура объекттерин өнүктүрүү максатында салыктык түшүүлөрдүн 50%ын өткөрүп берүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле эл өкүлү Папан айыл аймагында бир да мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана спорттук комплекс жок экенин жүйө келтирип, аталган объекттерди курууну быйылкы жылга каралган капиталдык салымдардын титулдук тизмесине киргизүүнү өтүндү.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Тогуз-Торо районунун тургундарынын кайрылуусуна көңүл буруп, Бишкек–Казарман багыты боюнча авиабилеттердин баасын 3100 сомдон 2100 сомго чейин төмөндөтүүнү суранды. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы көчкү түшкөн жерлерди жөнгө салып, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, галереяларды куруу зарылдыгын кошумчалады.

Өз кезегинде эл өкүлү Бурун Аманова Кадамжай районундагы бош турган имараттарды мектептерге болгон курч тартыштыкты эске алуу менен билим берүү уюмдарына өткөрүп берүү маселесин карап чыгууну сунуштаса, депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргон районунун Акман айылында социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде бала бакча куруу керектигин айтты.

Депутат Камила Талиева Тажикстандын Жийделик айылынан Лейлек районуна көчүп келген этникалык кыргыздардын турак жай маселесине көмөк көрсөтүү зарылдыгын айтып: “Алардын көбү Тажикстандагы үйлөрүн сата албай чыгып кетишкен. Азыркы учурда көпчүлүгү ижарага алынган батирлерде турушат” деген эл өкүлү Раззаков шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн ипотека берүүнү сунуштады.

Депутат Исманали Жороев Баткен облусундагы ирригациялык маселелерге токтолуп, Лейлек районунун Лейлек айыл аймагына караштуу Кара-Мойнок бассейнин тазалоону, Кулунду айыл аймагындагы таза суу долбоорун аягына чыгарууну, Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айылдарын сугат суу менен камсыз кылууну суранды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X