Эл аралык издөөдө жүргөн 184 кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо багытында чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташууну күчөтүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдан бери Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттердин аймагында кармалган.
Алар Таиланд, Вьетнам, Испания, Италия, АКШ, Түркия, Грузия, Франция, Египет, Швеция, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдө колго түшүрүлгөн.
Мындан тышкары, эл аралык кызматташтыктын натыйжасында издөөдө жүргөн 132 адам экстрадициялоо жана депортациялоо тартибинде Кыргызстанга кайтарылган.
Ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын демилгеси менен Кыргызстандын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалган. Алардын 42си издөө демилгесин көтөргөн мамлекеттерге экстрадицияланган.
ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамдарды издөө жана кармоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Атап айтканда, Италияда кылмыштуу топту уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга шектелген С.И.Ю. жана өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген А.Н. аттуу жарандар кармалган.
Ал эми Дубай шаарында адам өлтүрүүгө шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү С.Н. колго түшүрүлгөн. Таиландда да адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн Н.А.С. жана Р.А.Т. аттуу жарандар кармалган.
Мындан сырткары, Болгарияда Түркиянын жараны Д.С. кармалган. Ал жалпы салмагы 436 килограммды түзгөн героинди аткезчилик жол менен ташууну уюштурууга шектелүүдө. Маалыматка ылайык, баңгизат Түркиядан Кыргызстан аркылуу транзит менен Грецияга жеткирилип, төрт жүк чиркегичинин металл конструкцияларына жашырылган.
ИИМ чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташууну мындан ары да улантарын билдирди. Негизги максат — эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо, кармоо жана Кыргызстанга кайтаруу, ошондой эле кылмыш жасаган адамдардын жоопкерчиликтен качып кетишине жол бербөө.