Эл аралык мелдеште «Шумкардын» кызматкерлери байгелүү орундарды ээлешти

11-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 43

2021-жылдын 5-8-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кызыл Жылдыз Орденинин кавалери Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган Самбо боюнча эл аралык мелдеште, ИИМдин »Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери байгелүү орундарды камсыздышты.

98 кг салмакта 1-орунду милициянын улук сержанты Бекболсун Керимбеков, 88 кг салмакта милициянын улук сержанты Бектур Идирисов, ошондой эле 98 кг жогорку салмакта 2-орунду милициянын улук сержанты Кадырбек уулу Бедиярбек ээлесе, ушул эле салмак категориясында 3-орунду милициянын старшинасы Туратбеков Бексултан камсыз кылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X