ЭЛ АРАЛЫК РЕЗЕРВ РЕКОРДДУК ЧЕККЕ ЖЕТТИ

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 76

Президент Садыр Жапаров жүргүзгөн экономикалык саясат, фискалдык тартип жана казынаны толуктоо боюнча чечкиндүү кадамдар өлкөнүн финансы системасын чыңдап, Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөшкө айлантып жатат. Ал ИДПнын жана эл аралык валюталык резервдердин өсүшү менен тастыкталууда. Жыл жаңырары менен Кыргызстандын эл аралык резервдердин көлөмү жаңы рекордду көрсөтүп, 10 млрд доллардан ашты.

Белгилей кетсек, эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык базардагы курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулуучу мамлекеттик актив. Алар улуттук валютанын туруктуулугун, тышкы милдеттенмелерди өз убагында тейлөөнү, экономиканы тышкы жана ички кризистерден коргоону камсыз кылуу менен каржылык “коопсуздук жаздыкчасы” катары кызмат кылат. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын базарга сатып турат. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып кармалат.

Артка кылчайып карасак, 2020-жылы резерв болгону 2,424 миллиард доллар эле. Ал дагы туруктуу болбой, улам өйдө-ылдый секирип турган. 2019-жылы 268,6 млн доллар болгон. 2021-жылдан тарта өсүп, күзүндө 3 млрд 241 млн долларга көтөрүлсө, 2023-жылы 3 миллиард 236 миллион долларга жеткен. 2024-жылы дүң эл аралык резервдери 5 миллиард доллардан ашып түшкөн. 2025‑жылы ноябрга карата рекорддук секирик жасап, 8,2 млрд доллар деңгээлине жеткен эле. 2026-жылдын 29-январында резервдин көлөмү 10 млрд 39,5 млн долларды түздү. Жаңырган жылдын башынан бери эл аралык резервдер 1 млрд 436,4 млн долларга же 16,7 пайызга өсүптүр. Мындай өсүш сомдун стабилдүүлүгүн бекемдеп, тышкы милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүн кыйла жогорулатат. Тагыраагы, жогорудагыдай резерв өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын көлөмүнөн дээрлик 2 эсеге жогору болуп, валюта рыногун коргоого мүмкүндүк берет. Эл аралык резервдин учурдагы көлөмү товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен тогуз айын жабат.

Тышкы экономикалык таасирлерди жумшартуу үчүн Улуттук банк ар кандай инструменттерди, анын ичинде негизги курсту, валюталык интервенцияларды жана эл аралык резервдерди колдонот. Сезондук факторлорго жараша Улуттук банк чет өлкө валютасын сатып алуу, ошондой эле сатуу боюнча операцияларды жүргүзөт. Алсак, жайкы туристтик сезондо өлкөгө чет өлкө валютасынын олуттуу көлөмү агылып келгенде, анын ашыкчалыгы пайда болушу мүмкүн. Мындай мезгилдерде Улуттук банк валютаны сатып алуу боюнча интервенцияларды ишке ашырат. Ал эми чет өлкө валютасына суроо-талап жогорулаган мезгилде, тескерисинче, аны сатуу боюнча интервенциялар жүргүзүлүп турат.

Зулпукаар Сапанов

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X