Электр жылыткыч жарылып, мектептен өрт чыкканы айтылууда
Чүй облусунун Кожомкул айылындагы (Военно-Антоновка) мектептен чыккан өрттүн алдын ала себеби электр жылыткычтын жарылуусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Тургундар жылытуу сезонун кечеңдеткен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда.