Электрондук билериктер аркылуу 2,5 миң адам абактан чыгарылды

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Кыргызстанда айыпталган жана соттолгон жарандарга карата электрондук билериктерди колдонуу жаңы деңгээлге чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башчысы Аяз Баетов “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттерге берген маалыматында билдирди.

Министрдин айтымында, мурда электрондук билериктер үй камагындагы адамдарды көзөмөлдөө үчүн гана колдонулса, учурда алар өзүнчө бөгөт коюу чарасы катары иштеп баштады.

Маалыматка ылайык, электрондук билериктер үч негизги категория боюнча пайдаланылууда. Алгач 2024-жылдын май айынан тартып Пробация департаментинин кардарларына карата колдонулуп, жакшы жыйынтык берген. Андан соң кылмыш иштери боюнча көзөмөл чараларында пайдаланылып баштаган. Мындан тышкары, жакында эле үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген адамдарга да соттун же тергөөчүнүн чечими менен электрондук көзөмөл киргизиле баштады.

Юстиция министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, учурда өлкөдө өзүнүн программалык камсыздоосу жана күнү-түнү иштеген мониторинг борбору түзүлгөн. Электрондук билериктерди атайын кызматкерлер тагып, чечип турушат. Билерик тагылган адамдар онлайн режимде көзөмөлдөнөт.

Белгилүү болгондой, GPS аркылуу көзөмөлдөө жана электрондук билерик платформасы 2024-жылы жаңы бөгөт коюу чарасы катары ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты — тергөө абактарындагы адамдардын санын кыскартуу жана аларды үй-бүлөсүнүн жанында кармоо болуп саналат.

Ошондой эле министрликтин маалыматына караганда, алгачкы электрондук билериктер бизнес чөйрөсүндөгү адамдарга багытталган. Бул алардын иштеп, киреше таап, мамлекетке салык төлөөсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, мындай ыкма жарандарды криминалдык чөйрөдөн алыстатууга шарт түзөрү айтылды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, электрондук көзөмөл системасын ишке ашыруунун натыйжасында 2024-жылдан бери 2,5 миңден ашуун адам тергөө абактарында кармалбастан, сыртта көзөмөл алдында жаза өтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X