"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ЭЛИБИЗДИН ЫСЫРАПКОРЧУЛУГУ КЫМБАТЧЫЛЫККА ЖОЛ АЧЫП ЖАТАБЫ?

Бул аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйынында жарандардан тейлөө тармагындагы баалардын өсүшүнө байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын билдирип, “тейлөө бекер дегендери менен кафе-ресторандардын кожоюндары пайыздык төлөмдү тамак-аштын баасына кошуп коюшту. Мурдагы 10-15 пайыздык тейлөө үчүн алынуучу акыны кайра тамак-аштын баасына киргизип, алар уттурган жок. Бул калктын чөнтөгүнө терс таасир берүүдө. Бизде такси кызматыбы же чач тарач болобу, бардык тейлөө тармактарындагы баа дүйнөлүк ири шаарлардан да ашып кетти.
Эл буга өтө нааразы” — деп ачууланды. Өлкөдөгү кымбатчылыкка жаалы катуу кайнаган Нурланбек Тургунбек уулу кийинки аптанын бейшемби күнү Министрлер Кабинетин парламентке келип, соңку учурлардагы өлкөдөгү жагдайлар боюнча маалымат берүүгө чакырды. Коомчулукта айрым тиешелүү органдардын жасап жаткан иштерине карата нааразычылыктар көп айтылып жатканын белгилеген Төрага: “Өлкөдөгү социалдык маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин толук курамы келип депутаттардын суроолоруна жооп беришсин” — деди.
Кызыгы, эксперттер кымбатчылык Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан алдыңкы сапка чыккандыгын, баа саясатынын кымбатташы боюнча Түркиядан кийинки орунга көтөрүлгөнүн баса белгилешүүдө. Мындай шартта бул жагдайдын алдын алууга болобу? Кымбатчылык деген “балакеттин” карааны Кыргызстандан азырынча жоголобу? Тиешелүү органдар баа саясатын канткенде ооздуктай алышат? Биз бул сапар дал ушундай соболдорго жооп издеп, айрым инсандарга суроо менен кайрылдык.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрага орун басары Мирлан Бакиров: “Министрлер Кабинетинин алдыда пландары бар…”

— Кендирди кескен кымбатчылык маселеси парламентте айтылганы туура. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу маселени кабыргасынан коюп, “өкмөттүн маалыматын угалы” — деп жаткандыгы албетте, учурдун талабы! Ооба, учурда кымбатчылык көпчүлүк өлкөлөрдө өкүм сүрүүдө. Алтургай кээ бир мамлекеттерде массалык нааразычылыктарды жараткан учурлар дагы болуп жатат. Биздин өлкөдө экономикалык өсүү темпи жогору, буга удаа инфляция дагы жогору. Бизде импорт, экспорт балансы дагы баалардын кымбатташына таасир берүүдө. Биз күнүмдүк керектелүүчү товарларды валюта менен импорттоп жатабыз. Ошол эле жер-жемиш, алма, жүзүм жана цитрус өсүмдүктөрүн… Албетте, көпчүлүк керектелүүчү айрыкча, тамак-аш багытындагы товарларды мүмкүн болушунча өзүбүздө өндүрүүгө басым жасообуз керек. Азыркыдай шартта макро-экономикалык жагынан алганда албетте, Улуттук банк, Экономика жана Каржы министрликтери биргелешкен комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, эл аралык каржылык институттардын кеңештерине көңүл буруу зарыл деп эсептейм. Себеби, валютанын сомго болгон курсу жана улуттук сомдун эмиссиясы сөзсүз инфляцияга таасир кылат. Кымбатчылыкты ооздуктоонун негизги инструменти бул туруктуу өсүп туруучу экономика, стабилдүү эмгек акы, ички чыгымды көп талап кылуучу эмес, тескерисинче, сырттан валюта алып келүүчү экспорттук товар өндүрүү. Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын иш аракетин, штаттык бирдигин жана укуктук актыларын карап чыгуу учурдун талабы. Ыксыз ысырапчылыкка жол бербөө, кээ бир мамлекеттик кызмат көрсөтүү тарифтерин карап чыгуу зарыл. Министрлер Кабинетинин алдыда кыска жана узак мөөнөттүү пландары бар го деп ишене туралы.

Ат-Башы районунун тургуну Эмил Абакиров: “Ат-Башыдагы бааларды айткандан коркосуң”

— Азыркы учурда базардагы баа саясатын көзөмөлдөөчү органдар кымбатчылыкты көзөмөлдөөнү бири-бирине шылтоолоп, бирдеме десең алакан жайып жатышканы жалганбы? Өзгөчө баа саясатын көзөмөлдөөчү монополияга каршы кызмат күн сайын “кутура кымбаттап” жаткан кымбатчылыкка үстүртөдөн эле баам салып коёрун билип бүттүк. Бул органдагы кызматкерлер менимче кагаз жүзүндө эле иштешет окшойт. Ээ айланайындар, эшикке чыккылачы? Базардагы сатуучулар каалаган бааны коюп сатып жатышат. Силер Бишкектеги кымбатчылыкты кеп кылып “чыйпылыктап” жатасыңар. Бишкектен биздин алыскы Ат-Башыга келгичекти баалардын өсүп жатканына кызыгып көрсөңөр келмең оозуңа келет. Эмне деген кымбатчылыктын кучагына кирип кеттик. Азыркы учурда тейлөө тармагында баалар тымызын күн сайын өсүп жатат. Бул жерде баягы эле карапайым эл кыйналууда. Бийлик тейлөө тармагын катуу көзөмөлдөбөсө болбойт. Экономика министрлиги менен улуттук статистика комитети оозду ачпай, монополияга каршы кызматка болгон-бүткөндүн баарын шылтап, алакан жайбай кырдаалдан чыгуунун же алдын алуунун жолдорун сунушташпайбы? Эгерде кымбатчылыкка бүгүнтөн калбай көңүл бурбасак, жаз алды менен кандай абалга туш келебиз? Азыр кафе-ресторандагы бааларга биз сыяктуу карапайым элибиз чыдабай баратат. Карапайым элибизде да чоң күнөө бар. Болгон тапкан-ташыганын аш-тойлорго жумшап, кафе-ресторандарга берип, ысырапкорчулук болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Дал ушул кыргыздын ысырапкорчулугу бир жагынан экономикабызга терс таасир берип, кымбатчылыкка жол ачып жатат. Мындай болбойт туугандар! Жалпылап кырдаалдан чыгуунун жолун табалы, кымбатчылыкка сокку уралы.

Калыгул Бейшекеев