Эмдөө сертификатын жана ПЦР-тестинин жыйынтыгын алуу жөнөкөйлөштүрүлдү

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 28

COVID-19га каршы эмдөө сертификатын жана ПЦР-тестинин жыйынтыгын алуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлгинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, АКБ «Кыргызстан» Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жарандарга жана «МБанк Онлайн» кардарларына ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында COVID-19га каршы эмдөө сертификатын жана ПЦР-тесттеринин жыйынтыгын онлайн режиминде жана мүмкүн болушунча тезирээк алуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди.

Эмдөөнүн электрондук сертификаты жана ПЦР-тесттеринин натыйжалары эми түздөн-түз MBank Online тиркемесинде жеткиликтүү. Жаңы кызмат, эмдөөнүн абалын текшерүүгө жана эмдөө процедуралары аяктагандан кийин – QR коду бар сертификат алууга мүмкүндүк берет, ал эми. Ошондой эле ПЦР-тесттеринин жыйынтыгын онлайн режиминде алууга болот. Документтерди каалаган мессенджерге же электрондук почтага жөнөтсө болот, ошондой эле «Мен COVID-19сыз саякаттайм» тиркемесинде колдонсо болот.

«MBank Online»дын каалаган идентификацияланган колдонуучусу эмдөө сертификатын жана ПЦР-тесттеринин жыйынтыгын ала алат.

Белгилей кетсек, кызмат Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борбору менен биргеликте COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча “Кыргызстан – жашыл аймак” улуттук демилгесин колдоо максатында ишке киргизилген.

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X