Эмгеги татыктуу бааланды

11-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Журналисттик ишмердигинин көпчүлүгүн “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде өткөрүп, кыргыз басма сөзүндө өз орду бар кесиптеш агабыз Бактыбек Имамадиев бүгүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин тагынып, жамаатты сыймыкка бөлөп турган чагы.

Бактыбек агабыз университеттин журналистика факультетин аяктаган 1979-жылдан бери басма сөз тармагында иштеп келет. Окууну бүткөн жылы эле олуттуу партиялык гезит болгон “Советтик Кыргызстан” гезитинде алгач корректор, андан кийин кабарчы, бөлүм башчы кызматтарын аркалаган. Окууну аяктаар замат партиялык гезитке ишке кириши анын катардагы журналист болбогонун айгинелейт. Ал кезде партиялык гезитке дыкат тандоодон кийин гана кызматка кабыл алынган.

Ал эми эгемендиктин жарчысы болуп жарыкка келген “Эркин-Тоо” гезитинде 25 жыл эмгек өтөдү. Журналисттик ишмердигинде Бактыбек байке коомдук турмуштун ар кыл өңүтүн чагылдырган кызыктуу темаларды жазып, окурмандарга таанылды. Кээде турмушта анча-мынча адам элес ала бербеген темаларды таап жазып, өзүнүн сезимталдыгын, коомдогу көрүнүштөргө кайдыгер эместигин көрсөтүп келет. Ошондой эле акы төлөнүүчү материалдар менен иштеп, гезиттин каржылык абалын чыңдоого зор салым кошууда. Бактыбек байке редакциядагы жаш журналисттерге да кеп-кеңешин аянбай, калыс пикирин айтып келет.

Ак эмгек кылсаң, ал эртеби-кечпи бааланат. Бактыбек байкенин журналистика тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланып, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилди.

“Эркин-Тоо” гезитинин эмгек жамааты кесиптешибиз Бактыбек Имамадиевди мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайбыз! Сыйлык сиздики болсо, сыймык биздики! Бар болуңуз, Бактыбек байке!

«Эркин-Тоо» гезитинин эмгек жамааты

11-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X