Эмгек акыны индексациялоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

 1-июнда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери  депутаттар Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова жана Талайбек Масабиров.

Документти комитет жыйынында демилгечилердин бири Гульнара Акимбаева тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону мыйзамдык деңгээлде бекемдеп, кызматкерлердин кирешесинин реалдуу көлөмүн сактоого багытталган.

Долбоордо менчиктин түрүнө карабастан бардык уюмдар үчүн эмгек акыны индексациялоонун бирдиктүү укуктук механизмин киргизүү сунушталууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесин эмгек акыны индексациялоо тууралуу норма менен толуктоо каралган. Бул өзгөртүү инфляциянын жана товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнүн шартында кызматкерлердин эмгек акысынын сатып алуу жөндөмүн сактоого көмөк көрсөтөт.

Мындан сырткары, комитет жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууда колдоо тапты.

Юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова белгилегендей, мыйзам долбоору «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагында түзүлө турган талаштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун толук кандуу ишин камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Документ борбордун натыйжалуу иштешине шарт түзүп, анын укуктук статусун тактоону жана альтернативдүү эл аралык талаштарды чечүү механизмдеринин алкагында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыздоону көздөйт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X