Эми айдоочулук окууга арыз берүү онлайн түрдө ишке ашат

15-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окууга кабыл алууда атайын онлайн платформа түзүлүп жатат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, окууну каалаган жарандар платформа аркылуу онлайн арыз тапшырышат. Арызда талапкердин аты-жөнү жана жашаган аймагы көрсөтүлөт. Андан кийин жаран кайсы мамлекеттик унаа мектебинде окуй турганы тууралуу расмий маалымат берилет.

15-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X