Эми ар бир айыл, ар бир үй-бүлө туристтерди тосууга даярдык көрүшү керек!

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177

Кыргызстанга туристтердин агымы жакынкы жылдары 20-30 миллионго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өтүшү, ШКУ жана ШКУ+ жыйындары, ошондой эле Кытай менен Пакистандын жогорку жетекчилигинин Кыргызстанга сапарлары өлкөгө болгон эл аралык кызыгууну күчөттү.

Элестүү айтканда, эл аралык маалымат каражаттары, социалдык тармактар Кыргызстанды Дүйнө жүзүндөгү 7 миллиарддан ашуун адамга көрсөттү десек болот.

Эми алардын өлкөбүзгө болгон кызыгуусу дагы да күчөп, Кыргызстанга келгендердин саны кескин көбөйөрү турган иш.
Эл аралык туристтик рейтингдерде Кыргызстан туристтердин кызыгуусу боюнча сап башына чыкты.
Өзүбүздүн калкыбыз 7 жарым миллион болсо, быйыл элибиздин санынан дээрлик эки эсе көп 13 миллион турист келет десек, кийинки жылдары бул сан 20-30 миллионду түзүшү реалдуу нерсе.

Андыктан, азыртадан ар бир аймактардагы, айылдардагы мекендештерибиз мындай ири сандагы эс алуучуларды тосуп алууга эмитеден даярдык көрүшү керек.

Анткени 20-30 миллион эс алуучу чет жактан келе турган болсо алардын баарын отелдерге, пансионаттарга батыруу мүмкүн болбойт.
Айрымдары арзаныраак деп бюджеттик варианттарды карайт.

Калкыбыз мына ошого даяр болуп, боз үйлөрдү камдап, кошумча тамдарын ирээттеп туристтерди ыңгайлуу шартта тосууга кам көрсө деген тилегимди билдирем.

Буга чейин Президентибиз “Кен байлыктар түгөнөт, Кыргызстан үчүн туризм экинчи “Кумтөр” болот. Ошондуктан ар бир уй-бүлөө турист тосконго даярдангыла” деп бир нече жолу айтканын уксаңыздар керек. Мына, ошол көрөгөчтүк менен ажобуз айткан күн эми келди.

Туризм тармагы менен элибиз киреше табат, айылдан шаарларга кетпей эле иштөөгө мүмкүнчүлүк болот.

«Ар бир үй-бүлө турист тосууга даярданса, туризмден киреше таап, айылдан шаарга көчпөй эле иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди ал.

Кубатов президент Садыр Жапаровдун туризмди Кыргызстан үчүн «экинчи Кумтөр» кылуу тууралуу буга чейинки сөздөрүн эске салып, өлкөдө бул багыттын экономикалык потенциалы чоң экенин белгиледи.

 

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X