Эми мураскорлук жана керээз документтерин каалаган жерден алууга болот
Кыргызстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилип, жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми мураскорлук, керээз жана юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу нотариалдык документтердин көчүрмөлөрүн өлкөнүн каалаган аймагындагы Юстиция министрлигинин бөлүмүнөн алууга болот. Бул үчүн нотариалдык аракеттин кайсы жерде жасалганы маанилүү эмес. Бул тууралуу Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков билдирди.
Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк 2024-жылдан тарта “Бирдиктүү электрондук нотариат” системасынын ишке киргизилиши менен пайда болду. Долбоордун алкагында 12 миллиондон ашык нотариалдык документ санарип форматка өткөрүлгөн.
Учурда нотариалдык архивдер Бишкек шаарында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жатат. Ал эми калган облустук борборлордо архивдерди түзүү жана документтерди санариптештирүү иштери уланууда.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан өз каражатынын жана донордук колдоонун эсебинен ишке ашырылган.