Эмилбек Закиров Суу ресурстары кызматынын директору болду
Эмилбек Закиров суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды.
Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ал бул кызматта өз каалоосу менен арыз жазып кеткен Бактыбек Анаркуловдун ордуна келди.

Эмилбек Закиров 1993-жылы 27-январда Жалал-Абад шаарында туулган. Кесиби боюнча юрист. Буга чейин президенттин администрациясында эксперт болуп иштеген.
Жаңы дайындалган жетекчиге тармактагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана Суу ресурстары кызматынын ишин жакшыртуу тапшырылды.