Энергетика министрлиги журналисттер арасында сынак жарыялады
Кыргызстандын Энергетика министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында «Энергияны үнөмдөө — ар бирибиздин салымыбыз» аттуу республикалык сынак өткөрөт.
Сынактын максаты электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну жайылтуу, калктын энергетикалык сабаттуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө темасындагы журналисттик материалдарды колдоо.
Сынакка өлкөнүн бардык аймактарындагы журналисттер, телеканалдардын, радио, басма сөз каражаттарынын жана маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катыша алышат.
Кабыл алынуучу материалдардын түрлөрүнө телесюжеттер, макалалар, маектер, репортаждар, радиоберүүлөр, видеороликтер, Reels, инфографикалар жана башка журналисттик эмгектер кирет.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө журналисттердин кесиптик жана чыгармачылык ишмердүүлүгүнө керектүү заманбап техникалык каражаттар жана жабдуулар тапшырылат.
Сынак 2026-жылдын 23-ноябрынан 23-декабрына чейин өткөрүлөт. Материалдар кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
Катышуу үчүн арыздарды жана жарыяланган материалдардын шилтемелерин minenergo26@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек.
Сынактын өнөктөштөрү:
-
«Электр станциялары» ААК;
-
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК;
-
«Чакан ГЭС» ААК;
-
«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААК;
-
«Кыргызкөмүр» ААК.