Энергетикалык кризисти сабырдуулук менен жеңебиз

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 41

Быйылкы кыш жылдагыга караганда суук болот өңдөнөт, алгачкы айында эле кычыраган сүрүн көрсөтө баштады. Катуу сууктан улам электр тетиктерине күч келип, аргасыздан колдонуу көбөйгөн көмөк чордондорунда жөнгө салуучу иш-чаралар жасалууда. Кымбат баалуу жабдыктар күйүп кетпеши үчүн өлкөнүн ар кыл аймактарында кезек-кезеги менен электр энергиясы кыска мөөнөттө өчүрүлүп жатат. Өлкөдөгү абалды акыл менен таразалап, бул жагдай-шартты баарыбыз туура түшүнүшүбүз керек.

Асыресе, электр жарыгынын кыска мөөнөткө өчүрүлүшүн чоң трагедияга айландырып, ири масштабдагы көйгөй катары көрсөтүүгө далалаттанып, социалдык түйүндөрдө эл арасына бүлүк салуучу сөздөр менен даттангандар чыга калууда. Биринчиден, уюшула калып чаң-тополоң салсаң эле энергетикалык кризис чечилип калбайт. Анткени бул бүгүн жарала калган жок. 30 жылдан берки шалаакы саясаттын жыйындысы. Эгемендүүлүктөн кийинки башкаруучулардын бири да энергетика тармагына баш ооруткан эмес. Тескерисинче, атагы таш жарган Ширшов өңдүү шылуундар уурулук схемаларын орнотуп алып, ондогон жылдар бою бул тармакты тоноп келди. Алардын айынан бүтүндөй энергетика сазга батты. Ошол жемкорлор башыбызга үйүп кеткен кризистен кутула албай жатабыз. Эгерде 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 мВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда, кышкысын азыркыдай каатчылык болмок эмес.

2020-жылы бийлик алмашкан маалда 3 миллиард кВт саат электр энергиясына тартыштык бар болчу. Кудайга миң мертебе шүгүр дешибиз керек, ошол күндөн тарта башка тармактар өңдүү энергетика тармагы да чоң секириктерди жасады. Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энергобулактарын массалык түрдө салдык. Мисал катары айта кетсек, жалпыбыз күбө болгондой үстүбүздөгү жылы Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи, Чүйдөгү “Ысык-Ата” чакан ГЭСи, Токтогулдагы “Кайнама” чакан ГЭСи, Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” чакан ГЭСтери ишке кирди. Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер ишке берилгени турат. Курула баштаган ондогон чакан ГЭСтердин бир тобу келерки жылдын аягында ачылат. Алардын катарында Нарындагы кубаттуулугу 100 мВт болгон Куланак ГЭСинде иш кызуу жүрүүдө. 2022-2023-жылдары Токтогул ГЭСинин 2-4-гидроагрегаттары капиталдык оңдоодон өткөн. Учурда 1-гидроагрегаты оңдолууда, ал бүтсө жалпысынан 240 мВт кубаттуулук кошулат. Күндүн жана шамалдын энергиясын пайдалануу багытында көптөгөн макулдашууларга кол коюлду. Мына ушундай иштерди мурда эч бир бийлик кылган эмес. Бир дагы чакан ГЭСти курган эмес. Жасалып жаткан ишти баалай билишибиз керек.

Өкүнүчтүүсү, жанталашып чакан ГЭСтерди куруп баштаганыбыз менен ортодогу ажырымды кубалап жетип, кризисти тизгиндей албай жатабыз. Азыр бизде электр энергиясынын дефицити 3,9 миллиард кВт саат болууда. Мунун себеби, жыл сайын электр энергияны керектөө өсүп жатат. 2020-жылдан бери бир канча социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилер салынды. Атап айтсак, 2021-жылы 109 объект курулду, анын 59у мектеп болгон. 2023-жылы – 210 объект курулган, анын 124ү мектеп. 2024-жылы 362 объект салынган, анын ичинен 190у мектеп. Жогорудагы аталган объектилерден сырткары дагы көптөгөн чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Мисалы, Чүй облусунда быйыл ишке кирген “Терек-Таш” цемент заводунун эле колдонуучу кубаттуулугу 30 мВт түзөт. Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 100 ишкана ишке кирди, алардын баары жүздөгөн киловаттык электр энергиясын иштетип жатат. Ошондой эле өлкө боюнча миңдеген турак жайлар курулду. Быйылкы жылы эле ипотека менен 2200 жаранга үй берилүүдө. Булардын баарына жарык керектелет. Көзгө тартылгандай, электр энергиясына болгон муктаждык ар бир мүнөт сайын өсүүдө. Калктын саны күн сайын көбөйүп, ар бир айда жүздөгөн үй-бүлөлөр кошулуп, жашоо мыйзамына ылайык электр жарыгын керектөө тынымсыз түрдө көбөйүүдө.

Бул тартыштык жакынкы жылдарда жоюларын Мамлекет башчысы Садыр Жапаров белгилеп, жалпы мекендештерибизди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

“Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы. Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат.

Эми 30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 мВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Бардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз” деди Президент.

Өлкө жетекчиси белгилегендей, жалпыбыз ынтымакты сактап, келечекте биз электр энергиясын сатып алуучу өлкөдөн, сыртка сатуучу өлкөгө айланышыбыз керек. Ал үчүн туруктуулук жана сабырдуулук керек. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдикти жана ынтымакты камсыздашыбыз шарт. Кыйкырык салып, союл көтөрүп чыккан менен эч нерсе чечилбейт. Эгер ызылдай берсек, мындан дагы терең кризиске батарыбызды бөркүбүздөй эле көрсөк болот. Караңгыда калышыбыз турган иш. Себеби, буга чейинки жетекчилер жетер жерине жеткизип, башка тармактар өңдүү эле энергетиканы да мышык ыйлаган абалга алып барып коюшкан. 2020-жылдагы элдик толкундоодон кийинки жылыштар болбогондо, өтө чатак кырдаалга кириптер болмокпуз. Ортодогу айырма 4 миң кВт эмес, 10 миңге жетмек. Муну сырттан дагы сатып алып жаба албай калмакпыз.

Бул тармактагы карыз дагы абдан чоң. 2023-жылы 9 млрд сомду түзгөн. Эгер алдын албаса, 2025-жылы 13 млрд сомду түзөрү айтылууда. Тармакты биротоло талкалап албаш үчүн тарифтик саясатты да жолго коюу керек. 1990-жылдары газдын баасы миң куб метри 50 доллар болсо, азыр 300 доллардан ашты. Көмүрдүкү 2000 сом болсо, азыр 6000 сомго көтөрүлдү. Электр жарыгына болгон баа быйыл гана 10 тыйынга көтөрүлдү. Ошону да чоң саясат кылганга аракеттенгендер болду. Анчалык эле митайымдык кылуу туура эмес да. Чындыкты моюнга алыш керек, электр энергиясы бизде эң арзан. Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатылууда. Мындан тышкары, “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясы 55 тыйындан берилүүдө. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берилип жатат.

Албетте, колдонуп жаткан электр жарыгы өзүбүздө өндүргөн электр энергиядан ашып кетип жаткандыгына байланыштуу кошуна өлкөлөрдөн импорттогонго туура келүүдө. Суук катуулаган сайын алардан электр энергияны көбүрөөк алууга аргасыз болуп жатабыз. Бирок, алардан бизге келген аба чубалгылар жүктү көтөрө албай ысып, күйүп кетүү коркунучтары жаралууда. Андай учурларда аргасыз кадамдарды жасап, энергияны колдонуу көбөйгөн жерлерде энергетиктер жөнгө салуучу иш-чараларды уюштуруп, кыска мөөнөттө өчүрүп жатышат. Эгер өчүрбөсө, кымбат баада турган жабдыктар күйүп кетет. Мисалы, бир эле кубаттуулугу чоң болгон тарнсформатордун баасы 140 млн сомдун тегерегинде турат. Ал күйүп кетсе чоң чыгымдарга учурайбыз. Демек, чоң чыгымдарга жол бербөө максатында бир сааттан эки саатка чейин өчүрүлгөнүн трагедияга айландырбай, туура түшүнүү менен кабыл алганыбыз оң болот.

 

                                                                                                           Зулпукаар Сапанов

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X