Энергетикалык суусундуктарга тыюу салынабы?
Өлкөбүздө энергетикалык ичимдиктердин зыяндуулугуна байланыштуу аларды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу же чектөө маселелери бийлик деңгээлинде көтөрүлүп, кызуу талкууланууда. Адискөй дарыгерлер да бул суусундуктардын адам ден соолугуна зыян экенин белгилеп, коңгуроо кагып келишет. Аны менен катар бул маселе боюнча Мамлекет башчысы Садыр Жапаров да пикирин билдирди.
КРнын Президенти Садыр Жапаров:
— Министрлер Кабинетине улуттук коопсуздуктун негизи болгон элибиздин саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырдым. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек муун керек. Экономиканын эң башкы кыймылдаткыч күчү — салык эмес, дени сак адамдык капитал экенин да эсибизден чыгарбайлы.
Энергетикалык суусундук деген эмне?
Энергетикалык суусундук — бул адамдын борбордук нерв системасын козгоп, сергектикти сездирүүчү жана убактылуу күч-кубат берүүчү газдалган же газдалбаган химиялык курамдагы ичимдик болуп эсептелет. Дарыгерлер бул суусундукту ашыкча колдонуу кан басымдын жогорулашына, жүрөктүн согушунун ритминин бузулушуна, уйкусуздукка, семирүүгө, кант диабетине жана бөйрөк, боор ооруларына алып келерин айтып коңгуроо кагып келишет. Аны менен катар адистер 16 жашка чейинки балдарга, кош бойлууларга жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдарга ичүүгө таптакыр болбой турганын эскертишет.
Сандар сүйлөйт
2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктар боюнча ички керектөөнүн көлөмү 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында керектөөнүн көлөмү 36 млн 83 миң литрге же болжол менен 85 млн 900 миң банкага жеткен. 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов:
— Президентибиз Садыр Жапаров өлкө келечеги жана улуттун генофонду үчүн тарыхый жана чечкиндүү кадамга барды. Энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу демилгеси — бул жөн гана экономикалык чечим эмес, бул кыргыз улутун сактап калуу жана коргоо миссиясы. Саламаттык сактоо министри катары бул чечимди толугу менен колдойм. Биз күн сайын ооруканаларда бул «уунун» кесепетин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилип жатканы — бул үрөйдү учурган трагедия. Бул жүз миллиондогон банкалар жаштарыбыздын жүрөгүн токтотуп, бөйрөгүн иштен чыгарып, кант диабетине кабылдырууда. Ооба, Президент белгилегендей, мамлекеттик бюджет
1,5 миллиард сом салыктан кол жууйт экен. Бирок эч бир салык, эч кандай акча биздин балдарыбыздын өмүрүнөн кымбат эмес! Ден соолугунан ажыраган муун — бул өлкөнүн шору. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек, темир билек муун керек.
Тыюу салган өлкөлөр
Сауд Арабиясы, БАЭ жана Оман өлкөлөрүндө энергетикалык суусундуктарга 100% акциздик салык киргизилип, анын арты менен баасы эки эсе кымбаттатылган. Ошондой эле аларды массалык түрдө жарнамалоого тыюу салынган.
Канада болсо суусундуктун курамындагы кофеиндин көлөмүнө абдан катуу чек койгон: бир порцияда 180 мг-дан ашпоосу керек. Бул нормадан ашкан суусундуктар өлкөгө киргизилбейт. Кувейт 18 жашка чейинкилерге чектөө коюу менен бирге, мектептерде, ресторандарда жана мамлекеттик мекемелерде энергетиктерди сатууга тыюу салган.
Кыргызстан сунуштап жаткан өндүрүшкө жана импортко толук тыюу салуу демилгеси — өлкөнү химиялык көз карандылыктан жана медициналык оор кесепеттерден сактап калуу үчүн дүйнөлүк тажрыйбадагы эң чечкиндүү кадамдардын бири болуп саналат.
Казакстан 2025-жылдын январь айынан баштап дүйнөдөгү эң жогорку курактык чектөөнү киргизип, 21 жашка толо электерге энергетик сатууга толук тыюу салган. Испанияда 2026-жылдын башында кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, 16 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынып, мектептерде сатылышы чектелди. Норвегия 16 жашка чейинки жаштарга сатууга чектөө киргизген.
Өзбекстанда 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө энергетикалык суусундуктарды сатууга мыйзам аркылуу тыюу салынган.
Дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Гүлбү Шалтакова:
— Бул чечим абдан туура. Улуттун келечеги — анын дени сак муунунда. Экономикалык кызыкчылыктан адам өмүрү, балдарыбыздын ден соолугу жогору турушу керек. Оорунун кесепетин дарылоодон көрө, анын алдын алуу — мамлекеттин эң туура саясаты. Дени сак улут — күчтүү мамлекеттин пайдубалы! Бул демилгени толук колдойм!
Урмат Тариел уулу, Бишкек шаарынын тургуну:
— Аябай жакшы чечим болуптур. Ага кошумча жаш балдар үчүн Кытай,
Өзбекстандан келип жаткан шириндиктерге да бөгөт коюлса жакшы болот эле. Анткени мектепке жакын дүкөндөрдүн көпчүлүгүндө зыяны көп, эң арзан шириндиктер көп сатылат. Бала деген бала да. Алар жаш куракта ден соолукка зыян дегенди түшүнө беришпейт. Өз алдынча сатып ала беришет. Андыктан чектөө салуу туура болот.
Үсөнбек Мураталиев, биология мугалими, эмгек ардагери:
— Өзүм энергетикалык суусундук ичпейм. Бирок, жакын тууганым аябай көз каранды болуп баратат. Күнүнө ичип турбаса болбойт. Ичпе деп канча айтсам деле укпайт. Өзү чоң эле киши. Андыктан тыюу салынса, жакшы эле болмок. Энергетикалык суусундукту айрыкча радиолордон көбүрөөк жарнамалашат. Ага да чектөө коюшса колдойбуз. Бул жаштарыбыздын келечегин курутканга алып барат. Жаштайынан ден соолуктарынан ажырашат. Айрымдар алыскы жолго унаа айдап чыкканда 1-2 банкадан ичип алгандарын да кезиктирем. Тыюу салынса, элибиз утушка гана ээ болот.
Алдын алуу маанилүү
Бул маселеде «ашыкча ичпесе эч нерсе болбойт, ичип эле жүрбөйбүзбү» дегендер да болушу толук мүмкүн. Бирок бул суусундуктар акырындык менен адамды көз карандылыкка алып келерин эске алганыбызда, ал кадимки адатка айланып, андан баш тарта албай, акыр-аягы кейиштүү абалга жеткирерин эстен чыгарбоо зарыл. Дарттын кесепеттери менен күрөшпөй, аны алдын алуу чараларын ойлонуп, ар тараптуу ыкчам кадамдарга баруу туура жана зарыл.
Мээрим Бактыбек кызы