"Эркин-Тоо"

ЭРДИК ЭСКИРБЕЙТ

Борборубуздагы Ч.Түлөбердиев атындагы паркта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган митинг реквием болуп өттү. Баатырды жана жалпы курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасында бир мүнөт аза күтүлүп, үч жолу салют атылды. Иш-чарага мектеп окуучулары, Бишкек шаардык кеңештин, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ленинград блокада чыларынын кыргыз коомунун, Коргоо министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү ж.б. катышып, сөз сүйлөштү.

Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы 13-апрелде Кыргыз ССРинин Талас областындагы Киров районунун Чымкент (азыркы Чолпонбай) айылында туулган. Мектептен жети жыл билим алган соң колхоздо иштеп, 1941-жылы армияга чакырылган. Баатырдын жарык дүйнөгө келиши, ата-энеси, балалыгы туурасында белгилүү жазуучу К.Жантөшевдин “Чолпонбай” аңгемесинде кенен чагылдырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 160-аткычтар дивизиясынын 636-полкунун жоокери Ч. Түлөбердиев, 1942-жылдын 6-августун да Воронеж облусунун Лескинский районуна караштуу Селявный кыштагын бошотууда, дзотту төшү менен тосуп, баатырдык менен курман болгон. Анын мындай эрдиги душмандын ок атуусун токтотуп, жээктеги стратегиялык аймактын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берген.

Чолпонбай Түлөбердиевге көрсөткөн эрдиги үчүн 1943-жылы 4-февралда “Советтер Союзунун Баатыры” наамы берилген. Андан тышкары, “Кызыл Жылдыз” медалы, “Ленин ордени ” ыйгарылган. Учурда Баатыр төрөлгөн айыл анын атын алып жүрөт. Кичи мекенинде музейи жана жоокердин окко төшүн тоскон эстелиги тургузулган. Андан тышкары Воронеж облусундагы Селявный жана Киров айылдарында Баатырдын эстеликтери орнотулган. Облуска караштуу Нововоронеж шаарында жана Селявный менен Давыдовка айылдарын дагы эки мектепке, Лиски шаарындагы көчөгө аты бер илген.

Жүрөк титиретип, муун-жүүндү бошоткон Баатырдын эрдигин эскерүү иш-чарасынын соңунда катышуучулар жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшту. Өлбөс-өчпөс эрдигин келечек муунга түбөлүк даңктоо максатында Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилөө Кыргыз Республика сынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, мамлекеттик маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизилген.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели
Разия ЖООШБАЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!