Эргеш уулу Нурсултан: Сугат суусу менен өз убагында камсыз кылууга жетишип жатабыз

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 126

Токтогул районунда дыйкандарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылуу үчүн суу чарба объекттерин оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Эргеш уулу Нурсултан менен райондогу сугат суунун абалы жана ирригациялык тармактарды жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу баарлаштык.

— Нурсултан мырза, райондун дыйкандарын сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга ирригациялык түйүндөрдүн мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?  
— Токтогул району боюнча бүгүнкү күндө 14 135 гектар сугат аянты бар. Токтогул райондук суу чарба башкармалыгы Токтогул шаарын жана райондун аймагындагы 4 айыл аймагын сугат суусу менен өз убагында камсыз кылып келет. Башкармалыктын түздөн-түз карамагында 5 509 гектар айдоо аянты бар. Анын ичинен, 2 697 гектары насостук бекеттердин жардамы менен, 2 812 гектары өзү агып келүүчү сугат каналдары аркылуу сугарылат.
Учурда башкармалык тарабынан төмөнкүдөй суу чарба объекттерине техникалык тейлөө көрсөтүлүүдө:
´ Чарбалар аралык каналдар — 123,6 чакырым;
´ Жабык түтүктөр (трубалар) — 183,2 чакырым;
´ Лотоктор — 55,9 чакырым;
´ Гидротехникалык курулмалар — 986 даана;
´ Суу өлчөөчү гидропосттор — 14 даана;
´ Суу топтоочу бассейндери (БСР) — 4 даана;
´ Насостук бекеттер — 9 даана;
´ Жогорку чыңалуудагы электр подстанциялары — 5 даана.
Финансылык кєрсєткїчтєр жана суу берїї планы
Жалал-Абад башкы суу чарба башкармалыгы тарабынан Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын 2026-жылга карата титулдук планы 21 230,6 миң сом көлөмүндө макулдашылган.
Үстүбүздөгү жылга жалпы 39,9 млн м³ суу берүү пландаштырылса, бүгүнкү күнгө карата дыйкандар иш жүзүндө 16,4 миң м³ сугат суусу менен камсыз болду.

— Тейлөөнүн сапатын арттыруу үчүн каналдарды, арыктарды тазалоо, оңдоо, калыбына келтирүү иштери маанилүү эмеспи. Ушул багытта кандай иштер колго алынууда?
— Туура айтасыз. Ирригациялык түйүндөрдү өз убагында карап, оңдоп-тазалоо иштерин колго албасак, сугат сууларын коромжуга учуратышыбыз турган иш. Ошондуктан, район боюнча оңдоо-калыбына келтирүү жана тазалоо иштери сугат мезгили аяктагандан эле башталат. Маселен, каналдарды механикалык тазалоо план боюнча 34,2 чакырым каралса, иш жүзүндө 39,2 чакырым тазаланып, план 115%га ашыгы менен аткарылды. Гидротехникалык курулмаларды алсак, 118 даана курулманы оңдоо пландалып, бүгүнкү күндө 126 даанасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Гидропосттордун 7 даанасын оңдоо пландалып, учурда анын 3 даанасы толук калыбына келтирилди. Ал эми каналдарды бетондоо иштерине токтолсом, 2026-жылдын планына ылайык, Чоң-Арык Торкент курама каналына 1 чакырым, М-1 каналына 1 чакырым жана Сары-Таш каналына 1,2 чакырым бетон төшөө каралган. Бүгүнкү күндө жалпы 3,4 чакырым жер каналына бетон жайылмасы төшөлүп, каналдар аркылуу суу бериле баштады.
Башкармалыкка караштуу насостук бекеттерде жана подстанцияларда капиталдык жана учурда оңдоо, ошондой эле ишке киргизүү, жөндөө (пусконаладка) иштери ийгиликтүү аяктады. Учурда насостук бекеттер туруктуу иштеп, дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда. «Камбар-Ата-2» насостук бекети реконструкциялоо боюнча титулдук тизмеге киргизилип, бүгүнкү күндө оңдоо иштери толугу менен бүттү. Объект учурда толук кубаттуулукта, штаттык режимде иштеп жатат.

Токтогул райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан ички чарбалык каналдарды иретке келтирүү максатында Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Арык айылындагы «Сары-Булак» каналынын 5,0 чакырымы жана «Беш-Тал» каналынын 3,0 чакырымы атайын механикалык жол менен тазаланды.

Бүгүнкү күндө “Күз – күрөш” демекчи, жергебизде дыйкандарыбыз жайды жайлата иштеген мээнетинин үзүрүн көрүп, түшүм жыйноо менен алек болушууда. Биздин кызматкерлерибиз келерки жылдын камын көрүшүүдө. Анткени, кыш-жай дебей иштин үстүндө жүргөн кызматкерлерибиз дыйкандардын муктаждыгын жоюу үчүн алдын ала белгиленген тапшырмаларды аткаруу үчүн бел чечпей эмгектенишүүдө.

Маектешкен
Наргиза Казакбаева

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X