Эркектердин саламаттыгы боюнча текшерүүдөн өтүү башталды

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 197

Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун аныктоого багытталган республикалык бир айлыктын башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, эркектер жашаган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында профилактикалык медициналык консультациялардан өтө алышат.

Министрлик өткөн жылдагы иш-чаранын жыйынтыгына да токтолду. Анда республика боюнча 973 миңден ашуун эркек профилактикалык скринингден өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 119,6 миңден ашык жаранда артериялык кан басым жогору экени аныкталган.

Мындан тышкары, 49,6 миң эркек жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдигинде, ал эми 60,8 миңге жакын жаран кант диабетинин жогорку тобокел тобуна кирери белгиленген.

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 197
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X