Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынын күмүш медалын жеңди
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Астанада (Казакстан) өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду.
Финалдык беттеште ал орусиялык Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашып, 2:5 эсебинде жеңилип калды.
Натыйжада Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин тагынды.