"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Эрнест КАРЫБЕКОВ, эксперт: «ЖҮРБӨЙ КАЛГАН МАШИНАНЫ ОТ АЛДЫРЫШТЫ»

Садыр Жапаров бийликке келгенде Кыргызстан кулап кетүү алдында турган өлкө катары мүнөздөлгөн. Андан бери беш жыл өттү. Өлкө кулаган жок. Бирок алдыга так багыт алдыбы? Чечкиндүү бийликтин жыйынтыгы жана келечек тууралуу суроолорго эксперт Эрнест Карыбеков жооп берди.

— Эрнест агай, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине туура беш жыл болуптур. Президент мамлекеттин кадырын көтөрүп, ишин илгерилете алдыбы?

— Президент  албетте, мамлекеттин кадырын көтөрүп, ишин илгерилетти. Анткени, акыркы 30 жыл ичинде Кыргызстан олуттуу кыйроону баштан кечирди. Мамлекеттик башкаруу системасы коррупцияга батып, бүтүндөй тонолуп, экономика элге эмес, бир ууч олигархтарга иштеп калган.

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул абалды өзгөртүүгө бел байлап, көп нерсени ордуна коюуга жетишти. Ички дүң продукциянын көлөмү, мамлекеттик бюджет кескин өстү. Жаңы экономикалык долбоорлор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу мамлекеттик массалык маалымат каражаттары тынымсыз маалымат берип келе жатат.

— Садыр Жапаровдун келиши менен өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү деген пикирлер айтылууда. Ынансак болобу?

— Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү деп айтууга азырынча эртелик кылат. Бирок эң башкысы — бийик жардан кулап бара жаткан Кыргызстанды сактап калышты. Башкача айтканда, «жүрбөй калган автомобилди от алдырышты» деп айтсак туура болот.

Эми ал «машинаны» кайсы багытта айдашат — негизги маселе ушунда. Эгерде буга чейин мамлекетти талкалаган каржы-экономикалык системадан баш тартып, өзүбүздүн улуттук экономика моделине өтө алсак, анда туруктуу өнүгүү жолуна түшөбүз. Болбосо бүгүнкү жетишкендиктер убактылуу бойдон калышы ыктымал. Анткени, дүйнө жүзүндө азыркы каржы-экономикалык система өзү да кыйроо абалында турат.

— Айрым чет өлкөлүк эксперттер жана басылмалар президенттин ишмердүүлүгүнө оң баа берип жатышат. Бул ажонун ишинин жыйынтыгыбы?

— Албетте. Чечилбей келген чек ара маселеси чечилди. Алтыныбызды арзан ташып кетип жаткан шылуундардан тартып алып, алтын кенибиз мамлекетке кайтарылды. Кошуналар менен биргеликте Камбар-Ата ГЭС–1 курулуп жатат, көптөн бери айтылып келген эл аралык темир жолдун курулушу башталды. Мунун баары президенттин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы.

— Акыркы беш жылда президенттик бийликтин ролу кыйла күчөдү. Бул башкаруунун натыйжалуулугун арттырдыбы?

— Президенттик башкаруу чындап эле чечкиндүү болду. Бул башкаруу формасы көптөгөн татаал маселелерди тез арада чечүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кумтөр, чек ара, темир жол, Камбар-Ата ГЭС–1 сыяктуу ири долбоорлор буга мисал.

Бирок ар бир чечкиндүү башкарууда «сактагыч клапан» болушу керек. Ал – эл. Ошондуктан президенттин ийгилиги менен катар кемчиликтерин  да айтып туруу зарыл. “Мактай эле бербей сындагыла” деп ажо өзү да айтты го.

— Ири долбоорлор өлкөнүн экономикасын өзгөртүп жатабы?

— Ири долбоорлор жаңыдан башталды, негизги натыйжасын кийин берет. Жолдордун, турак жайлардын курулушу, алтындын баасынын өсүшү экономикага оң таасирин тийгизип жатат. Бирок эл аралык жолдорду ачууда улуттук кызыкчылыкты унутпашыбыз керек.

Биз өзүбүз эмне өндүрөбүз, эмне сатабыз деген суроо биринчи орунда турушу зарыл. Болбосо өлкө жөн гана «сквознякка» айланып калат. Миң жылдап элибизди сактап келген аска-зоолорубуздай эле бүгүн улуттук коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу зарыл. Дүйнө тынч эмес, мындай кырдаал узакка созулушу мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева