"Эркин-Тоо"

Эртең салттуу музыка жумалыгы башталат

Бишкекте 45тен ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана уюштуруучулар билдиришти.

Эскерте кетсек, салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. 20-25-апрель күндөрү өтө турган жумалыктын ачылыш аземи эртен 10:00дө борбор калаадагы Уркуя Салиева атындагы сейил багында башталып, аспапчылык өнөрдүн ээлери чыгармачылыгын көрсөтүшөт. Андан тышкары “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт.

Ал эми саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде IX Эл аралык музыка жана бий конгресси башталат. Конгресске Индия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан,Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Россиянын Хакасия Республикасы, Тыва Республикасы, Алтай Республикасы, Бангладеш, Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка өлкөлөрүнөн окумуштуулар катышмакчы.

Быйылкы салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган жумалыктын өзгөчөлүгү буга чейин башка түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлүп келген Музыка жана бий конгрессинин жумалыкка камтылышы болгон. Жумалыктын алкагында дастан, күү, ыр күндөрү болуп, 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң гала-концерт менен жыйынтыкталат. Жумалык эл аралык масштабда өтүп, жалпы 45тен ашык илимпоздор жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдарынын келүүсү күтүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!