"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ЭСЕПТИК ЧЕН 11,0 ПАЙЫЗ ДЕҢГЭЭЛИНДЕ КАЛТЫРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 26-январында эсептик ченди (негизги ченди) 11,0 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган. Бул чечим 2026-жылдын 27-январынан тартып күчүнө кирди. Мына ушул маанилүү чечимге байланыштуу Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-конференция өткөрдү. Пресс-конференцияда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Козубеков Азат Айбекович эсептик чен боюнча чечим кандай жагдайларга байланыштуу кабыл алынгандыгы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

Кыргыз Республикасында өткөн 2025-жылы инфляциялык абал негизинен тышкы факторлордун таасири менен калыптанып отурду. Дүйнөлүк рынок саясатынын эрежелери өзгөрүүлөргө дуушар болду. Анын натыйжасында өткөн жылдын биринчи жарымында азык-түлүк баалары кескин жогорулаган. Бирок, өткөн жылдын экинчи жарымында азык-түлүк бааларынын өсүшү басаңдаган. Ал эми импорттолуп келген мунай заттардын баасы жогору болгондуктан Кыргызстанда бензин жана дизель отундарынын баасы көтөрүлгөн. Кыргызстанда бензиндин баасы 15,1 пайызга, дизелдик отундун баасы 11, 1 пайызга өскөн. Ошондой эле электр энергиясына жана коммуналдык кызматтарга тарифтердин өсүшү инфляцияга таасир берген. Калктын инфляциялык күтүүлөрү орточо деңгээлде сакталып турат.

Кыргызстанда 2025-жылдын декабрь айына алганда жылдык инфляция 9,4 пайызды түздү. Ал эми 2026-жылдын башынан бери баалардын тенденциясы олуттуу өзгөргөн жок жана Улуттук банктын болжолдоолорунун чегинде турат. Мисалы, 2026-жылдын январь айынын 16 күн ичинде инфляция 0,6 пайызга өстү. Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк бааларынын өсүшү басаңдады, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн жана азык-түлүк эмес сегменттеги баалар салыштырмалуу жогору бойдон калууда. Тарифтик саясаттын жыл сайын кайра каралып турушу жана ички суроо-талаптын өсүшү да инфляциянын динамикасына салым кошууда.

Өткөн жылы Улуттук банк баалардын өсүшүн кармоо максатында эсептик ченди үч жолу 9 пайыздан 11 пайызга чейин көтөрдү. Биз орто мөөнөттүү мезгилде инфляцияны 5,7 деңгээлинде кармап турууга багытталган акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантабыз. Улуттук банк өзүнүн инструменттери аркылуу экономикадагы акча массасын активдүү жөнгө салууну улантууда. Ички валюта рыногу туруктуу бойдон сакталууда, ал эми алмашуу курсу рыноктук шарттарды эске алуу менен ийкемдүү бойдон калууда.

Улуттук банктын акча-каражат саясатынын негизги артыкчылыгы болуп орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын 5 -7 пайыздык максаттуу көрсөткүч чегинде калыптанышын камсыз кылуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу орточо катуулатылган монетардык шарттар сакталууда. Мында акча-кредит саясатынын тактикалык чаралары инфляциянын монетардык факторлорун чектөөгө багытталган. Банк секторунда жогору ликвиддүүлүк деңгээли сакталып турган шартта Улуттук банк аркылуу операцияларын жигердүү жүргүзүү аркылуу экономикада акча көлөмүн жөнгө салган. Мындай шартта BIR банктар аралык эталондук пайыздык чен Улуттук банктын пайыздык коридорунун төмөнкү чегине жакын калыптанган.

2026-жылдын башынан бери валюта сатуунун көлөмү 134,05 миилион АКШ долларын, ал эми 2025-жылы 853 миллион АКШ долларын түзгөн. Ошону менен бирге Улуттук банктын эл аралык валюта резерви жогорулаган. 2025-жылдын аягында эл аралык резерви 8,6 миллиард АКШ долларга жеткен. Ал эми 2025-жылга салыштырмалуу 69,1 пайызга өстү. Бул баалардын туруктуулугун сактоого багытталган чаралар болуп саналат.

Экономиканын өсүшү тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11.1 пайызга өскөн. Экономиканын бардык тармактарында өсүш болуп жатат. Негизги салымды кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактары камсыз кылган. Ички суроо-талаптар жогору бойдон калууда жана реалдуу кирешелердин өсүшү менен шартталган. Өлкөдөгү реалдуу эмгек акы 10,2 пайызга жогорулаган. Ал эми Кыргыз Республикасына таза акча которуулардын көлөмү 23 пайызга өскөн.

Ал эми келечек тууралуу сөз кыла турган болсок инфляция траекториясы мурдагыдай эле тышкы факторлордун таасирине дуушарланууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда жогору өзгөрүлмөлүүлүк сакталып турат, ошол эле учурда геосаясий факторлордун туруксуздугу көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө да инфляциялык жагдайдын сакталып турушуна алып келет, бул өз кезегинде импорттолуучу бааларга таасирин тийгизет. Ички экономикалык инфляциялык процесстер олуттуу деңгээлде монетардык эмес мүнөздөгү факторлор, анын ичинде план чегинде жөнгө салуучу тарифтерди корректировкалоо жогорку ички суроо талап менен шартталган. Бул факторлор инфляциянын басаңдоосу үчүн туруктуу шарттар калыптанганга чейин учурдагы акча-кредиттик шарттарды колдоо зарылдыгын шарттоодо. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 11,00 пайыз деңгээлинде калтырылды.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана түптөлгөн тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берүү менен ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши ыктымал.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 23-февралында өткөрүлөт.

Абдимухтар Абилов