Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жумушчу топ түзүлөт
Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун аныктоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана этникалык кыргыздардын аймактардагы өкүлдөрү катышты.
Талкууда этникалык кыргыздардын документтерин электрондук системаларга киргизүүдөгү тоскоолдуктар негизги маселелердин бири катары белгиленди. Тактап айтканда, «Түндүк» системасында этникалык кыргыздар тууралуу маалыматтардын толук чагылдырылбашы мамлекеттик кызматтарды алууда кыйынчылыктарды жаратууда.
Мындан тышкары, балдарды мектепке жайгаштыруу, медициналык кызматтарды алуу, кайрылман статусун тариздөө жана каттоо мөөнөттөрүнө байланыштуу административдик тоскоолдуктар талкууланды.
Ошондой эле жубайлардын бири чет өлкөлүк жаран болгон үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик ипотекалык турак жай программаларына катышуу мүмкүнчүлүгү каралды.
Жыйындын жыйынтыгында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында министрдин биринчи орун басары Арлен Алиасовдун жетекчилиги астында жумушчу топ түзүү жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Депутат Махабат Мавлянова көтөрүлгөн маселелерди мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгып, мекендештердин укуктарын ишке ашыруудагы административдик тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгиледи.
«Мекендештердин көйгөйлөрүн угуу менен гана чектелбестен, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табуу жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү алдыдагы иштин негизги багыты болуп саналат. Бир ай ичинде жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча кайрадан чогулуп, маалыматтарды угалы», — деди эл өкүлү.